مقدمة وغلاف المنتقى من موسوعة الأحاديث النبوية

مقدمة وغلاف المنتقى من موسوعة الأحاديث النبوية

Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын аты менен (баштаймын)

Language: lang_ky
Prepared by:
Version: 1.0
Translations 63
Akan Amharic Assamese Azerbaijani +59
Attachments 7
PDF
Audio
Video
+3

Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын аты менен (баштаймын)

Киришүү

Ааламдардын Раббисине алкыш-мактоолор болсун. Пайгамбарыбыз Мухаммадка, анын үй-бүлөсүнө, жалпы сахабаларына жана кыяматка чейин анын жолуна ээрчигендерге Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун. Андан кийин айтарым:

Ыйык Курандан кийин эле мусулман адам окууга, ой жүгүртүүгө, үйрөнүүгө жана амал кылууга аракет кылуусу зарыл болгон эң улук нерсе бул - Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүннөтү. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Эй, адамдар! Силерге эки нерсени калтырдым. Эгер ал экөөнү бекем кармасаңар, эч качан адашпайсыңар: Аллахтын китеби жана пайгамбардын сүннөтү". Хадисти Имам Малик риваят кылган. Бул тууралуу Аллах Таала минтип айткан: "Пайгамбар силерге эмнени алып келсе, ошону алгыла. Эмнеден тыйса, андан тыйылгыла". (Хашр, 7-аят). Ошол себептен "Тилдер боюнча Ислам контентине кызмат кылуу уюму" жана "Ар-Равба үгүт жана коомчулукка маалымдоо уюму" пайгамбардын хадистеринин энцклопедиясын түзүүгө жана аларды бир канча тилдерге которуп даярдоого киришкен.

Андыктан мусулман адамдын жашоосунда жана дин иштеринде муктаж болгон ушул энцклопедияны түзүүнү жана кыскача түшүндүрмө берүүнү, маанилерин жана эмнеге далил болорун, ошондой эле кээ бир пайдаларын даярдап, бул китепти чыгарууга Аллах Таала жеңилдик берди. Бул китептин аты "Ал-Мунтака мин мавсуати ал-Ахаадиси ан-Набавия". Бул кызмат пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүннөтүн адамзатка өз тилдеринде жеткирүүгө жана анын пайдасын жайылтууга негизделген.

Бул ишти кабыл кылып, аны берекелүү кылуусун Аллах Тааладан суранабыз. Аны даярдоого, которууга жана таратууга салым кошкон ар бир адамды Аллах Өзү сыйласын.

Пайгамбарыбыз Мухаммадка Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун.

Кыскача мазмуну

Пайгамбардын хадистери шарият өкүмдөрү алына турган экинчи булак. Бул тууралуу Аллах Таала минтип айткан: "Ал өз оюнан сүйлөбөйт" "Алар (ал сүйлөгөн сөздөр - Аллахтын) аян-кабары гана". Нажм сүрөсү, 3-4-аяттар.

Хадистердин энцклопедиясынын жыйнагы ар тараптуу хадистерди жана алардын кыскача түшүндүрмөлөрүн ичине камтыйт. Бул хадистерге ар бир мусулман дүйнө жашоосунда жана дин иштеринде муктаж болот. Ошондой эле, хадистердин маанилери чечмеленип, эмнеге далил болору жана кээ бир пайдалары ачык баяндалган. Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүннөтүн ар кайсы элге өз тилинде жеткирүү жана анын пайдаларын жайылтуу үчүн дүйнө тилдеринин бир канчасына которулду.