Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 85

Чыпкаларды алып салуу

Равий

Бардык равийлерди көрсөтүү (53)
"Мээримдүүлөргө Мээримдүү Зат ырайым кылат. Жер жүзүндөгүлөргө ырайым кылгыла, силерге асмандагы Зат ырайым кылат".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الحميدة، توحيد الأسماء والصفاتموضوعات الحديثالرحمةمحاور التعريف بالإسلامصفات الله تعالى، محاسن الأخلاق
«Ким Аллахтан башкага ант ичсе, анда ал каапырлык кылган болот же ширк кылган болот».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأيمان والنذور، الشركموضوعات الحديثأهمية التوحيد، الشرك بالله وأقسامهمحاور التعريف بالإسلامبطلان الشرك وصوره
"Тилиң ар дайым Аллахты зикир кылуу менен нымдалып турсун".
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضل الذكر
"Шек-күмөн жаратып турган ишти таштап, шек-күмөнү жок ишти аткар. Чынчылдык - бейкуттукту, жалган айтуу болсо, шектенүүнү алып келет".
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи, ан-Насаи жана Ахмад риваят кылган.
التصنيف الشرعيالتعارض والترجيح
Мен: "Оо, Аллахтын Элчиси, кутулуу эмнеде?" — деп сурадым. Ал: «Тилиңе ээ бол, үйүң сага жетиштүү болсун жана күнөөң үчүн ыйла»— деди.
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيآداب الكلام والصمت، التوبة
«Ыймандуу адам айыптоочу, каргышчыл, бузуку жана бузук ооз болбойт».
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الحميدة، آداب الكلام والصمت
"Кайсы бир киши күнөө кылып, кийин туруп тазаланып (даарат алып), анан намаз окуса, анан Аллахтан (күнөөсүнө) кечирим тилесе, Аллах аны кечирет ". Андан кийин бул аятты окуду: "(Ал такыбалар) кокус ыплас иш кылып алса, же (күнөө менен) өзүнө зулум кылса, дароо Аллахты эстеп, күнөөсүнө кечирим тилейт..." (Аалу Имран, 135-аят).
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ибн Маажа менен Ахмад да жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالتوبة، صلاة التطوع، تفسير الآياتموضوعات الحديثالقرآن وعلومه، سعة فضل الله عز وجل، التوبة، صلاة التطوع
"«Чындыгында, силердин мага эң сүйкүмдүүңөр жана кыямат күнү мага эң жакын орунда боло турганыңар, кулк-мүнөзү жакшыңар. Ал эми, силердин мага эң жаман көрүлгөнүңөр жана кыямат күнү менден эң алыс орунда боло турганыңар – көп сүйлөгөндөр, кекирейип сүйлөгөндөр жана оозун толтуруп сүйлөгөндөр». (Жанындагылар): Оо, Аллахтын элчиси, көп сүйлөгөндөр менен кекирейип сүйлөгөндөрдү го билебиз, а оозун толтуруп сүйлөгөндөр кимдер? - деп сурашты. Ал: «Текеберлер» - деп жооп берди."
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الحميدة