Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 3

Чыпкаларды алып салуу

Равий

Бардык равийлерди көрсөтүү (53)
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Абу Бакр менен Умарга минтип айтты: «Бул экөө – пайгамбарлардан жана элчилерден тышкары, оболкулар менен кийинкилердин ичинен бейиш элинин орто жаштагыларынын мырзалары».
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жазып калтырган.
"Азан жана икооматтын ортосунда айтылган дуба артка кайтарылбат".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана ан-Насааи жазып калтырган.
التصنيف الشرعيأسباب إجابة الدعاء وموانعه
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Йа муколлибал кулууби саббит колби алаа дииника" (Эй, жүрөктөрдү калчоочу Аллах, менин жүрөгүмдү динге бекем кыл)" - деп көп дуба кылчу. Мен: "О, Алахтын элчиси, биз сизге жана сиз алып келген динге ыйман келтирдик. Ошентсе да биз үчүн коркосузбу?" - деп сурадым. Ал: "Ооба, жүрөктөр Аллахтын манжаларынан эки манжасынын арасында турат. Кандай кааласа ошондой калчайт" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأدعية المأثورة، أعمال القلوب