Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 37

Чыпкаларды алып салуу
"Дүнүйөгө кызыкпа - Аллах сени жакшы көрөт. Адамдардын колундагы нерселерге кызыкпа - адамдар сени жакшы көрөт".
Имам Навави: "Хасан хадис", - деген. Ибн Маажа ж.б. хасан иснаддар менен риваят кылган
"Ким Аллахтын китебинен бир тамга окуса, ал үчүн ага бир жакшылык он барабар болуп жазылат. "Алиф, лам, мим" бир тамга деп айтпайм, бирок "алиф" бир тамга, "лам" бир тамга жана "мим" бир тамга".
Хасан (жакшы) Ат-Тирмизи жазып калтырган.
"Аллах Таалага таза, күнөөсү жок жолугуусу үчүн ыймандуу эркектин жана ыймандуу аялдын өзүнө, балдарына жана мал-мүлкүнө ар кандай балээ, сыноолор боло берет".
Хасан (жакшы) Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки сажданын ортосунда: "Аллахуммагфир лии, вархамнии, ва аъфинии, вахдинии, варзукнии" - деп айтчу.
Хасан бишаваахидихи (башка жакшы айтымдары бар хадис). Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
«Аялына арткы жол аркылуу жакындык кылган киши каргышка калган».
Хасан (жакшы) Абу Дауд менен ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ахмад дагы жазып калтырган.