Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 2

Чыпкаларды алып салуу
«Эгерде силер Аллахка чындап тобокел (таянуу) кылганыңарда, Аллах силерге эртең менен курсагы ач чыгып, кечинде курсагы ток кайткан чымчыкка ырыскы бергендей ырыскы бермек».
Сахих (ишенимдүү) Имам Ахмад, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа, Ибн Хиббан Сахих китебинде жана ал-Хаким риваят кылган
التصنيف الشرعيفضائل أعمال القلوب، الأربعون النووية
«Эгерде силерден бирөөңөр мечитке кирсе, Пайгамбарга салам айтып, анан: "Аллахум-мафтах ли абвааба рахматик. (О Аллах! Мага ырайымыңдын эшиктерин ач)" - деп айтсын. Ал эми мечиттен чыкканда, Пайгамбарга салам айтып, анан: "Аллахумма'сымнии минаш-шайтоонир-рожиим. (О Аллах! Мени каргышка калган шайтандан сакта)" - деп айтсын». Ал эми Хакимдин риваятында: «Мечиттен чыкканда, пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) салам айтып: "Аллахумма ажирнии минаш-шайтоонир-рожиим. (О Аллах! Мени каргышка калган шайтандан корго)" - десин» деп айтылган.
Хасан (жакшы) Ибн Маажа жана Хааким риваят кылган
التصنيف الشرعيأحكام المساجد