Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 50

Чыпкаларды алып салуу
"Тилиң ар дайым Аллахты зикир кылуу менен нымдалып турсун".
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
"Кайсы бир киши күнөө кылып, кийин туруп тазаланып (даарат алып), анан намаз окуса, анан Аллахтан (күнөөсүнө) кечирим тилесе, Аллах аны кечирет ". Андан кийин бул аятты окуду: "(Ал такыбалар) кокус ыплас иш кылып алса, же (күнөө менен) өзүнө зулум кылса, дароо Аллахты эстеп, күнөөсүнө кечирим тилейт..." (Аалу Имран, 135-аят).
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ибн Маажа менен Ахмад да жазып калтырган.
"Валий (4) болбосо нике болбойт".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
"Ким жылдыз илиминен үйрөнсө ал сыйкырдын бир бутагын (бир азын) үйрөнгөн болот, көбөйткөн сайын көбөйө берет".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эртең менен да кечинде да бул дубаны калтырбай, дайыма айтчу: "Аллахым, Сенден дүйнө жана акыреттин амандыгын (жакшылыгын) сураймын. Аллахым, Сенден динимде, дүйнө жашоомдо, үй-бүлөмдө жана мал-мүлкүмдө кечирим жана амандык (жакшылык) сураймын. Аллахым, менин кемчилик-айыбымды (бардык айып-кемчилигимди) жашыр жана жүрөгүмдү тынч кыл. Аллахым, мени бет алдымдан келүүчү, артымдан келүүчү, оң жак, сол жагымдан келүүчү, үстүмдөн келүүчү жамандыктардан сакта. Мен Сенин улуулугуң менен астымдан келе турган жамандыктан (кайдыгер өлүмдөн) сактанам".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
"Көбү мас кылган нерсенин азы да арам."
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир киши келип, кээ бир иштер тууралуу сүйлөшүп, акырында: Аллах жана сен кааладың... - деди эле, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Мени Аллахка шерик кыласыңбы?! Жалгыз Аллах каалады деп айткын" - деди.
Иснадуху хасан (айтып өткөрүүчүлөрү жакшы). رواه ابن ماجه والنسائي في الكبرى وأحمد
Акаба күнү эртең менен төөсүнө минип бара жатып Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Мага таш алып берчи" - деди. Мен ага манжалары менен ыргыта тургандай жети таш алып бердим. Ал таштарды алаканына салып: "Ушундай (кичинекей) таштар менен (шайтанды) аткыла"- деди. Анан: "Эй, адамдар, динде аша чаап кетүүдөн сактангыла. Анткени, силерден мурдагылар динде аша чапканы үчүн кыйрап жок болгон" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Ибн Маажа, ан-Насааи жана Ахмад жазып калтырган.