Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 6

Чыпкаларды алып салуу
"Мага кимдир бирөө салам айтса, анын саламына жооп кайтаруу үчүн Аллах менин жанымды кайра киргизет".
Иснадуху хасан (айтып өткөрүүчүлөрү жакшы). Абу Дауд жана Ахмад жазып калтырган.
"Адам досунун дининде болот. Ошондуктан ар кимиң ким менен дос болоруна карасын".
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
"Ыймандуулардын ыйманы толугу - кулк-мүнөзү жакшысы. Силердин эң жакшыңар - аялзатына жакшы мамиле кылганыңар".
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
«Аллах таала үчүн дубадан артык эч нерсе жок».
Хасан (жакшы) Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
"Аллах Таалага таза, күнөөсү жок жолугуусу үчүн ыймандуу эркектин жана ыймандуу аялдын өзүнө, балдарына жана мал-мүлкүнө ар кандай балээ, сыноолор боло берет".
Хасан (жакшы) Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
«Аялына арткы жол аркылуу жакындык кылган киши каргышка калган».
Хасан (жакшы) Абу Дауд менен ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ахмад дагы жазып калтырган.