Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 11

Чыпкаларды алып салуу
"Кыямат күнү пенде өмүрүн эмне менен өткөргөнү, илимин кандай пайдаланганы, мал-мүлкүн кайдан таап, кайда каржылаганы, дене-кубатын кандай иштеткени тууралуу суралмайынча анын кадамы жылбайт".
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жазып калтырган.
"«Ким азанды укканда: "Аллохумма робба хазихид-даьватит-тааммах, уас-солаатил-коима аати мухаммада-нил васиилата уал-фадыйлата, уаб-'асху макоомам-махмуданил-лази уа-'адтах" - деп айтса, кыямат күнү ага менин шапаатым берилет»". Мааниси: "Оо, Аллах! Оо, ушул кемчиликсиз чакыруунун жана тургузулган намаздын Раббиси! Мухаммадга кыяматта васила (шапаат кылууну) жана артыкчылыкты бер! Аны Өзүң убада кылган даңкталган орунда (шапаат кылуу орунунда) тирилт!"
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
“Куру-жалак калган адам ким экенин билесиңерби? ” - деп сурап калды. Куру-жалак калды деп арабыздагы күмүш акчасы да, буюм-терими да жок калган кишини айтабыз деди сахабалар. Аллахтын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Чынында, менин үммөттүмдөгү куру-жалак калган адам: кыямат күнү окуган намазы, туткан орозосу, берген зекети менен келет. Ошол эле учурда ал бирөөнү сөккөн, бирөөгө жалаа жапкан, бирөөнүн малын жеген, бирөөнүн канын төккөн, бирөөнү урган сыяктуу жаман иштерин да ала келет. Анан анын жакшы иш-амалдары тигилерге алып берилет. Кокус моюнундагы карызы бүтө электе жакшы амалдары түгөп калса, анда тигилердин жаман иш-амалдары мунун моюнуна жүктөлөт. Андан кийин тозокко ташталат” - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.