عربي - Arabic English Qafár af - Afar Afrikaans - Afrikanns Akan Shqip - Albanian አማርኛ - Amharic Հայերեն - Armenian অসমীয়া - Assamese Azərbaycanca - Azerbaijani Bamanankan - Bambara Bassa Bemba বাংলা - Bengali Bosanski - Bosnian Български - Bulgarian မြန်မာဘာသာ - Burmese Bisaya - Cebuano Cham Нохчий - Chechen chiCheŵa - Chewa 中文 - Chinese Адыгэбзэ - Circassian Hrvatski - Croatian Česky - Czech Dagbani Dansk - Danish فارسی دری - Dari Dendi ދިވެހި ބަސް - Dhivehi Nederlands - Dutch إستوني - Estonian Suomi - Finnish Français - French Fulfulde - Fula ქართული - Georgian Deutsch - German Ελληνικά - Greek ગુજરાતી - Gujrati Kreyòl ayisyen - Haitian Creole Hausa हिन्दी - Hindi Magyar - Hungarian Igbo Indonesia - Indonesian Italiano - Italian 日本語 - Japanese Jóola - Jola ಕನ್ನಡ - Kannada Қазақша - Kazakh ភាសាខ្មែរ - Khmer Kikuyu Ikinyarwanda - Kinyarwanda Ikirundi - Kirundi 한국어 - Korean كوردی سۆرانی - kurdish كوردي kurmancî - Kurmanji Kyrgyz ລາວ - Lao latviešu - Latvian Lingala lietuvių - Lithuanian Luganda Македонски - Macedonian Maguindanaon Malagasy - Malagasy Bahasa Melayu - Malay മലയാളം - Malayalam Mandinka मराठी - Marathi Mõõré - Moore नेपाली - Nepali أنكو - NKo Norwegian ଓଡ଼ିଆ - Odia oromoo - Oromo پښتو - Pashto فارسی - Persian Polski - Polish Portuguese ਪੰਜਾਬੀ - Punjabi Română - Romanian Русский - Russian Српски - Serbian Shona සිංහල - Sinhala Slovenščina - Slovenian Soomaaliga - Somali Soninke Sesotho - Sotho Español - Spanish Kiswahili - Swahili Svenska - Swedish Tagalog Тоҷикӣ - Tajik தமிழ் - Tamil తెలుగు - Telugu ไทย - Thai ትግረኛ - Tigrinya Türkçe - Turkish Ukrainian اردو - Urdu ئۇيغۇرچە - Uyghur Ўзбек - Uzbek Việt Nam - Vietnamese Wolof Yao Yorùbá - Yoruba Zarma زولو - Zulu
545 Хадистер
Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы
Категориялар
Хадистин даражасы
Риваят кылынган булак
Равий
«Кимде-ким кедейдин карызын төлөө мөөнөтүн кечиктирсе, же карызынын баарын же бир бөлүгүн кечип салса, анда Аллах аны Кыямат күнү Өз Аршынын көлөкөсүндө башка эч кандай көлөкө жок болгон күнү көлөкө кылат».
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
«Мен кыямат күнү адамдардын мырзасы боломун. Анын себеби эмнеде экенин билесиңерби? Аллах мурунку жана кийинки бардык адамдарды бир түзөң жерге чогултат. Чакыруучунун үнү аларга угулат жана караган көз алардын баарын өзүнө камтыйт (баары бирдей көрүнүп турат). Күн жакындап, адамдар чыдай алгыс жана көтөрө алгыс кайгыга, кыйынчылыкка туш болушат. Ошондо адамдар: "Башыбызга түшкөн бул (оор) абалды көрбөйсүңөрбү? Раббиңердин алдында силерге шапаат кыла турган бирөөнү издебейсиңерби?" - дешет.
Анан адамдардын кээ бирлери бири-бирине: "Адамга (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) баргыла", - дешет. Алар Адамга келип, мындай дешет: "Сен адамзаттын атасысың, Аллах сени Өз колу менен жараткан, сага Өз рухунан үйлөгөн жана периштелерге буйрук берип, алар сага сажда кылышкан. Раббиңдин алдында бизге шапаат кыл!Биздин кандай абалда экенибизди көрүп турбайсыңбы? Башыбызга кандай мүшкүл түшкөнүн көрбөйсүңбү?". Ошондо Адам: "Чындыгында, Раббим бүгүн ушунчалык катуу ачууланды. Ал буга чейин мындай катуу ачууланган эмес жана мындан кийин да эч качан мындай катуу ачууланбайт. Ал мага даракка жакындабоого буйруган эле, бирок мен Анын буйругун аткарбай койдум. Өзүмдүн гана жаным! Өзүмдүн гана жаным! Өзүмдүн гана жаным! (Бүгүн мен өзүмдү гана ойлоп жатам). Менден башкага, Нухка баргыла!", - дейт.
Анан алар Нухка келип: "Эй, Нух! Сен жер жүзүндөгүлөргө жөнөтүлгөн элчилердин эң биринчисисиң. Аллах сени "шүгүр кылуучу пенде" деп атаган. Раббиңдин алдында бизге шапаат кыл! Биздин кандай абалда экенибизди көрүп турбайсыңбы?" - дешет. Ал: "Чындыгында, Кудуреттүү, Улук Раббим бүгүн ушунчалык катуу ачууланды. Ал буга чейин мындай катуу ачууланган эмес жана мындан кийин да эч качан мындай катуу ачууланбайт. Менин бир дубам бар эле, аны өз коомума каршы кылганмын. Өзүмдүн гана жаным! Өзүмдүн гана жаным! Өзүмдүн гана жаным! (Бүгүн мен өзүмдү гана ойлоп жатам). Менден башкага, Ибрахимге баргыла!", - дейт.
Анан алар Ибрахимге келип: "Эй, Ибрахим! Сен жер жүзүндөгүлөрдүн арасынан Аллахтын пайгамбары жана Анын халилисиң (сүйүктүү досусуң). Раббиңдин алдында бизге шапаат кыл! Биздин кандай абалда экенибизди көрүп турбайсыңбы?" - дешет. Ошондо ал аларга: "Чындыгында, Раббим бүгүн ушунчалык катуу ачууланды. Ал буга чейин мындай катуу ачууланган эмес жана мындан кийин да эч качан мындай катуу ачууланбайт. Чындыгында, мен үч жолу жалган сүйлөп алгам. Өзүмдүн гана жаным! Өзүмдүн гана жаным! Өзүмдүн гана жаным! (Бүгүн мен өзүмдү гана ойлоп жатам). Менден башкага, Мусага баргыла!", - дейт.
Анан алар Мусага келип: "Эй, Муса! Сен Аллахтын элчисисиң. Аллах Өзүнүн элчилиги жана сени менен сүйлөшүүсү аркылуу сени адамдардан абзел кылды. Раббиңдин алдында бизге шапаат кыл! Биздин кандай абалда экенибизди көрүп турбайсыңбы?" - дешет. Ал: "Чындыгында, Раббим бүгүн ушунчалык катуу ачууланды. Ал буга чейин мындай катуу ачууланган эмес жана мындан кийин да эч качан мындай катуу ачууланбайт. Мен буйрук берилбеген бир жанды өлтүрүп алгам. Өзүмдүн гана жаным! Өзүмдүн гана жаным! Өзүмдүн гана жаным! (Бүгүн мен өзүмдү гана ойлоп жатам). Менден башкага, Марямдын уулу Исага баргыла!", - дейт.
Анан алар Исага келип: "Эй, Иса! Сен Аллахтын элчисисиң жана Анын Марямга таштаган сөзү жана Андан болгон рухсуң. Сен бешикте жаткан наристе кезиңде эле адамдарга сүйлөгөнсүң. Раббиңдин алдында бизге шапаат кыл! Биздин кандай абалда экенибизди көрүп турбайсыңбы?" - дешет. Иса: "Чындыгында, Раббим бүгүн ушунчалык катуу ачууланды. Ал буга чейин эч качан мындай катуу ачууланган эмес жана мындан кийин да эч качан мындай катуу ачууланбайт", - деп, эч кандай күнөөсүн эстебестен: "Өзүмдүн гана жаным! Өзүмдүн гана жаным! Өзүмдүн гана жаным! (Бүгүн мен өзүмдү гана ойлоп жатам). Менден башкага, Мухаммадга баргыла!", - дейт.
Анан алар Мухаммадга келип: "Эй, Мухаммад! Сен Аллахтын элчисисиң жана пайгамбарлардын акыркысысың (мөөрүсүң). Аллах сенин мурунку жана кийинки бардык күнөөлөрүңдү кечирген. Раббиңдин алдында бизге шапаат кыл! Биздин кандай абалда экенибизди көрүп турбайсыңбы?" - дешет. Ошондо мен барып, Арштын астына келемин да, Кудуреттүү, Улук Раббиме сажда кылып жыгыламын. Андан кийин Аллах мага мурда эч кимге ачпаган Өзүнүн мактоолорун жана эң сонун даңктоолорун ачып берет (илхам кылат). Андан соң: "Оо, Мухаммад! Башыңды көтөр! Сура, сага берилет. Шапаат кыл, шапаатың кабыл кылынат", - деп айтылат. Ошондо башымды көтөрүп: "Оо, Раббим! Менин үммөтүм! Оо, Раббим! Менин үммөтүм! Оо, Раббим! Менин үммөтүм!" - деймин. Анан: "Оо, Мухаммад! Үммөтүңдүн арасынан суракка тартылбай тургандарын Бейиштин эшиктеринин ичинен эң оң тараптагы эшиктен киргиз. Алар башка эшиктерден кирүүдө да адамдар менен ортоктош", - деп айтылат. Андан кийин Пайгамбарыбыз: "Жаным Анын колунда болгон Затка ант ичем! Чындыгында, Бейиш эшиктеринин эки капкагынын ортосундагы аралык Мекке менен Химьярдын ортосундагы аралыктай – же Мекке менен Бусранын ортосундагы аралыктай" - деди».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Алтыны жана күмүшү бар адам, ал экөөнүн акысын бербесе, кыямат күнү болгондо, алтын-күмүшү оттон болгон тактайчага айланат жана ал отко кызытылат, анан аны менен ээсинин капталына, бешенесине жана артына үтүктөлүп белги салынат. Ал муздаган сайын кайра кайталанып турат. Бул күндүн узактыгы элүү миң жылга тете болот. Ошентип качан адамдарга өкүм чыгып, бара турган жерин же бейишти, же тозокту көргөнгө чейин азапталат".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
“Куру-жалак калган адам ким экенин билесиңерби? ” - деп сурап калды. Куру-жалак калды деп арабыздагы күмүш акчасы да, буюм-терими да жок калган кишини айтабыз деди сахабалар. Аллахтын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Чынында, менин үммөттүмдөгү куру-жалак калган адам: кыямат күнү окуган намазы, туткан орозосу, берген зекети менен келет. Ошол эле учурда ал бирөөнү сөккөн, бирөөгө жалаа жапкан, бирөөнүн малын жеген, бирөөнүн канын төккөн, бирөөнү урган сыяктуу жаман иштерин да ала келет. Анан анын жакшы иш-амалдары тигилерге алып берилет. Кокус моюнундагы карызы бүтө электе жакшы амалдары түгөп калса, анда тигилердин жаман иш-амалдары мунун моюнуна жүктөлөт. Андан кийин тозокко ташталат” - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.