Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 8

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

"Чынында, Аллах кызганат. Чынында ыймандуу пенде да кызганат. Аллахтын кызгануусу ыймандуу пенде Анын тыюу салган ишине барганда болот".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Чынында, Аллах Таала мындай деди: "Ким Менин досума душмандык кылса Мен ага согуш жарыя кыламын. Пендемди мага жакындата турган Мен ага парыз кылган амалдардан өткөн амал жок. Пендем Мага напил амалдар аркылуу жакындаган сайын, Мен аны жакшы көрөм. А Мен аны жакшы көрсөм, анын уга турган кулагы, көрө турган көзү, кармай турган колу жана баса турган буту болом. Эгер менден сураса, берем, Эгер Мени менен сактанса, сактайм. Мен кылган иштеримден момундун жанын алганда экиленгендей экиленген эмесмин, ал өлүмдү жек көрөт, Мен аны кыйнаган нерсени жек көрөм".
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
«Тууралыкка жакындагыла жана ортолукту кармагыла, жана билгиле, силерден эч ким өз амалы менен кутула албайт». Алар: «Оо, Аллахтын Элчиси! Сиз дагыбы?» – дешти. Ал айтты: «Мен дагы. Аллах мени Өзүнүн ырайымы жана пазилетине бөлөсө гана (кутуламын)».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Аллах Таала мындай деди: "Кимде-ким Менин досума душман болсо, Мен ага согуш жарыялайм. Пендем Мага эң сүйүктүү болгон парз ибадаттарды аткаруу менен жакындагандай башка нерсе менен жакындай албайт. Пендем напил ибадаттары менен мага жакындай берсе, Мен аны жакшы көрүп калам. Эгер жакшы көрүп калсам, анда анын уга турган кулагы, көрө турган көзү, кармай турган колу, баса турган буту болот. Эгер сураса, сураганын сөзсүз берем. Эгер коргоо тилесе, коргоомо алам".
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
"Аллах жерди кармап, асмандарды түрүп, оң колуна алып, анан: "Мен - Падышамын, жердин падышалары кайда?!" - дейт.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааланын мындай дегенин айтат: "Адам баласы мени жалганчыга чыгарды, мындай кылуу аларга ылайык эмес эле. Алар Мени сөгүштү, мындай кылуу аларга ылайык эмес эле. Жалганчыга чыгарганы: бизди биринчи жолу жараткандай, кайра жарата албайт деп айтканы. А чынында, аларды кайра тирилтүү жоктон бар кылып биринчи жолу жаратканга караганда жеңил эмеспи. Ал эми сөккөнү: Аллахтын баласы бар деп айтканы. А чынында, Мен эч нерсеге муктаж эмес Жалгызмын, тууган да, туулган да эмесмин, Мага эч нерсе тең эмес".
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан: «Улуу, Ызаттуу Аллах айтат: Мен пендемдин күмөнүндөгүдөймүн, ал Мени эстесе Мен аны менен биргемин. Эгер ал өз алдынча эстесе Мен да аны өз алдынча эстеймин. Эгер бир жамаатын алдында эстесе, Мен аны аларга караганда жакшыраак жамаатын алдында эстеймин. Эгер ал Мага бир карыш жакындаса, Мен ага бир чыканак жакындаймын. Эгер ал Мага бир чыканак жакындаса, Мен ага бир кулач жакындаймын. Эгер ал Мага басып келсе, мен ага чуркап барамын».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Раббибиз Улук Аллах Таала ар бир түнү түндүн акыркы үчүнчү бөлүгү калганда дүйнө асманына түшөт. Анан: "Мага дуба кыла турган барбы, Мен жооп берем? Менден сурай турган барбы, Мен беремин? Менден кечирим тилей турган барбы, Мен аны кечиремин?" - дейт.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)