Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 21

Чыпкаларды алып салуу
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир сөздү айткан, мен болсо андан башкасын айттым. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): " Ким Аллахтан башкага кудай деп дуба кылып жүрүп өлсө, тозокко кирет" - деди. Мен болсо: Ким Аллахтан башканы кудай деп дуба кылбастан өлсө, бейишке кирет - дедим.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Адамдар Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көзү ачыктар тууралуу сурашты. Ал: "Алар эч нерсе кыла албайт" - деди. О, Аллахтын элчиси, кээде алардын айтканы туура чыгып калып жатпайбы - дешти. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Ал туура чыгып калган сөздү жиндер уурдап келип (көзү ачык) досунун кулагына тоок какылыктагандай какылдайт. Алар болсо ага жүздөн ашык жалганды аралаштырып айтат"-деп айтты.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Кабырлардын үстүнө отурбагыла жана анда намаз окубагыла!"
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир киши келип, кээ бир иштер тууралуу сүйлөшүп, акырында: Аллах жана сен кааладың... - деди эле, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Мени Аллахка шерик кыласыңбы?! Жалгыз Аллах каалады деп айткын" - деди.
Иснадуху хасан (айтып өткөрүүчүлөрү жакшы). رواه ابن ماجه والنسائي في الكبرى وأحمد
"Ким: Лаа илааха иллаллоох" деп айтып, Аллахтан башка ибадат кылынган нерселерден баш тартса, анын мал-мүлкү жана каны арам болот. Ал эми сурагы Аллахка таандык".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
Али бин Абу Талиб мага: Мен сени Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мени буйруган нерсеге буйруйунбу? Эстелик, сүрөттү көрсөң талкалап жок кыл, кабыр үстүнө коюлган нерсени көрсөң тегиздеп түздөгүн - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Шайтандардын (сыйынылган буттар) жана ата-бабаңардын аты менен ант ичпегиле".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Биз Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тегерегинде олтурган элек. Жаныбызда Абу Бакр, Умар жана бир топ адамдар бар эле. Бир маалда Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ордунан туруп кетип, ошол бойдон көпкө кечикти. Көпкө келбеген соң, биз ага кимдир бирөө тарабынан кол салуу болдубу деп чочулап ордубуздан туруп издей баштадык. Биринчилерден болуп чочулаган мен болдум. Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) издеп, бани Нажжар уруусундагы бир ансардын багына келдим. Эшигин таппай анын дубалын айланып чыктым, акыры дубал түбүнөн сырттан суу агып кирчү оюгун таап, ошол жерден кысылып кирдим. Кирсем, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Абу Хурайрасыңбы?» - деди. Мен: Ооба, оо, Аллахтын элчиси, - дедим. «Бул жакка эмнеге келдиң?» - деди. Сиз биз менен олтуруп, анан туруп кеттиңиз, ошол бойдон көпкө кечиктиңиз. Көпкө келбеген соң, биз сизге кимдир бирөө тарабынан кол салуу болдубу деп чочулап ордубуздан туруп издей баштадык. Биринчилерден болуп чочулаган мен болдум. Анан бул дубалга келип, ичине түлкү сойлогондой сойлоп кирдим, тигилер болсо менин артымда, - дедим. Ошондо ал: «Оо, Абу Хурайра» - деп, мага эки кепичин берди да, анан: «Менин бул эки кепичимди ал да, бул дубалдын артында сага жолуккан кимиси: "Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок" - деп, чын жүрөгүнөн күбөлүк берсе, аны бейиш менен сүйүнчүлө» - деди. Мен эң биринчи эле Умарды жолуктурганымда, ал: Бул эки көлөч эмне, оо, Абу Хурайра? - деп сурады. Бул Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки кепичи, мага жолуккан кимиси: "Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок" - деп чын жүрөгүнөн күбөлүк берсе, аны бейиш менен сүйүнчүлөө үчүн ал мени булар менен жөнөттү, - дедим. Ошондо Умар менин көкүрөгүмө колу менен катуу уруп жибергенде чалкаман кулап түштүм. Ал мага: Артка кайт, оо, Абу Хурайра, - деди. Мен Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайтып келип, өксүп ыйлап жибердим. Умар да артымдан жете келди, көрсө ал мени ээрчип келген экен. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Сага эмне болду, оо, Абу Хурайра?" - деди. Мен Умарга жолукканымда, мени эмне менен жөнөткөн болсоңуз, ошону ага айттым, ошондо ал көкүрөгүмө катуу уруп жиберди эле, чалкаман кулап түштүм. Анан ал мага: Артка кайт, - деди, - деп айттым. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Оо, Умар, мындай кылууңа эмне түрткү болду?» - деди. Ал: Оо, Аллахтын элчиси, атам менен энем сизге курман болсун! Абу Хурайрага эки кепичиңизди берип, ал кимиси Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок - деп чын жүрөгүнөн күбөлүк берсе, анын бейишке кирерин сүйүнчүлөө үчүн жөнөттүңүз беле? - деди. Ал: «Ооба», - деди. Ал: Андай кылбаңыз, адамдар буга гана таянып калышат деп корком. Аларды тек коюңуз, амал кылышсын, - деди. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Анда аларды тек койгула» - деди."
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.