Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 16

Чыпкаларды алып салуу
«Чектен ашкандар кыйроого учурады» - деп үч жолу айтты.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
Биз тогузбу, сегизби же жетиби адам Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанында отурган элек. Ал: "Аллахтын элчисине байъат келишим-убада кылбайсыңарбы?" - деди. Биз жаңы эле байъат кылган элек. Ошого: Сага байъат кылып, убада бердик го, о, Аллахтын элчиси? - дедик. Ал дагы: "Аллахтын элчисине байаът келишим кылбайсыңарбы?" - деди. Биз колубузду сунуп: "Сага байъат келишим кылдык го, о, Аллахтын элчиси. Эми эмне кылууга байъат келишим кылабыз?" - дедик. Ал: "Аллахка ибадат кылууңарга жана Ага эч нерсени шерик кылбооңорго, беш убак намазга, баш ийүүңөргө" - деп, анан акырын үнү менен: "Адамдардан эч нерсени сурабооңорго" - деди. Чынын айтсам, кийин мен ошол адамдардын кээ бири камчысын тушүрүп жиберсе, аны алып берүүсүн бирөөдөн суранбай калганын көрдүм.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Ит жана сүрөт бар үйгө периштелер кирбейт".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Аллах яхудийлерди жана христиандарды каргыштады, алар өздөрүнүн пайгамбарларынын кабырларын мечит кылып алышкан». Айша энебиз айтты: «Эгер ал (себеп) болбогондо, анын кабыры ачык жерге коюлмак. Бирок аны адамдар сыйына турган мечит кылып алууларынан коркушту».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Кыямат күнү тозокто эң жеңил азап тартып жаткан адамга кайрылып Аллах Таала: "Эгер сенде жер бети толо мүлкүң болсо, аны берип өзүңдү азаптан куткарат белең?" - деп сурайт. Ал: "Ооба" - дейт. Ошондо Аллах Таала мындай дейт: "Мен сенден мында жеңил нерсени эле каалаганмын. Сен Адамдын белинде жаткан кезиңде Мага эч нерсени шерик кылбашыңды айткам, бирок сен баш тартып, Мага башка нерселерди шерик кылдың".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир сөздү айткан, мен болсо андан башкасын айттым. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): " Ким Аллахтан башкага кудай деп дуба кылып жүрүп өлсө, тозокко кирет" - деди. Мен болсо: Ким Аллахтан башканы кудай деп дуба кылбастан өлсө, бейишке кирет - дедим.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Адамдар Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көзү ачыктар тууралуу сурашты. Ал: "Алар эч нерсе кыла албайт" - деди. О, Аллахтын элчиси, кээде алардын айтканы туура чыгып калып жатпайбы - дешти. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Ал туура чыгып калган сөздү жиндер уурдап келип (көзү ачык) досунун кулагына тоок какылыктагандай какылдайт. Алар болсо ага жүздөн ашык жалганды аралаштырып айтат"-деп айтты.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Кабырлардын үстүнө отурбагыла жана анда намаз окубагыла!"
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.