Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 10

Чыпкаларды алып салуу

Риваят кылынган булак

"Кишинин (мечитте) жамаат менен окуган намазы, анын үйүндө же базарында окуган намазынан жыйырма канча даража ашыкча болот. Бул мындай, эгер алардын бири даарат алганда жеткиликтүү даарат алса, анан намаз окуу үчүн гана мечитке келсе, анын ар бир шилтеген кадамына даражасы көтөрүлөт, ошого жараша катасы өчүрүлөт. Ошентип мечитке кирип, канча убакыт намазды күтүп отурса, намазда отургандай эсептелет. Силерден бирөөңөр намаз окуган ордунда отурса, анын даараты бузулбаса же бирөөгө зыян тийгизбесе, периштелер ага дуба кылып: Аллахым, ага ырайым кыл. Аллахым, аны кечир. Аллахым, анын тобосун кабыл кыл дешет".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيفضل الوضوء، فضل صلاة الجماعة وأحكامها، أحكام المساجدموضوعات الحديثأحكام الوضوء، صلاة الجماعة
"Аял киши эки күндүк жолго күйөөсү же махрамы менен гана чыгат . Эки күндө орозо кармоого болбойт: орозо айтта жана курбан айтта. Таңкы намаздан кийин күн чыкканча намаз окууга болбойт, дигерден кийин күн батканча намаз окууга болбойт. Үч гана мечитке атайын сапар кылып барууга болот: Харам мечитине, Акса мечитине жана менин ушул мечитиме (Набави мечитине)".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيأحكام النساء، آداب وأحكام السفر، تاريخ مكة والمدينة والأقصى، أوقات النهي عن الصلاة، أحكام الصيام، أحكام المسجد الحرام والمسجد النبوي، فقه المرأة المسلمة، أحكام وآداب العيد، أحكام المساجدموضوعات الحديثما يَحرُمُ صومه، أحكام المسجد الحرام، أحكام المسجد النبوي، أوقات النهي عن الصلاة
"Саптарда тегиз тургула. Анткени, саптын тегиздиги - намаздын толуктугунан болуп эсептелет".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيفضل صلاة الجماعة وأحكامها، أحكام الإمام والمأموم، أحكام المساجدموضوعات الحديثسنن الصلاة، صفة الصلاة، صلاة الجماعة
Биз Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге мечитте олтурганыбызда, бир чөлдүк араб (бедуин) келип, мечитке заара кыла баштады. Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабалары: "Токто, токто!" - дешти. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Анын заарасын үзбөгүлө (бөлбөгүлө), жөн койгула» — деди. Алар тиги заара кылып бүткүчө жөн коюшту. Андан соң Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны чакырып: «Чындыгында, бул мечиттер мындай заара кылууга жана ыпластыкка ылайыктуу эмес. Алар Улуу жана Кудуреттүү Аллахты зикир кылуу, намаз окуу жана Куран окуу үчүн гана», — деди (же Аллахтын Элчиси ушуга окшош сөз айтты). (Анас) айтат: Анан Пайгамбар бир кишиге буйрук берди эле, ал бир чака суу алып келип, ал жерге төгүп (жууп) койду.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيأحكام المساجد
Чындыгында, Усман бин Аффан мечитти кургусу келгенде адамдар муну жактырбай, аны ошол бойдон калтырып койгонун жакшы көрүштү. Ошондо Усман бин Аффан айтты: "Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум: "Ким Аллах үчүн мечит курса, Аллах ал үчүн бейиште ошол мечиттей курат".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيفضائل الأعمال الصالحة، أحكام المساجدموضوعات الحديثأحكام المساجد غير الحرمين، الإخلاص
Адамдар Сахл бин Саад Ас-Саадиге келип, минбардын жанынан өтүшүп жана андан минбардын жыгачы эмнеден экенин сурашканда ал мындай деди: "Аллахка ант болсун! Анын эмнеден экенин билбейм. Аны биринчи орнотулган күнү көрдүм жана биринчи күнү Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, анын үстүнө отурганын көрдүм. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, Сахл деп атаган баланча ансар аялга мындай деп жөнөтөт: "Уста балаңа айт, мага минбар жасап берсин, мен адамдарга сүйлөгөндө ага отурайын. Ошондо ал аял кызматчысына буйруду. Ал кызматчысы аны токойдогу тамариск дарагынан жасады да аны аялга алып келди. Андан кийин ал аял аны Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, жөнөтөт. Ошондо Аллахтын Элчиси аны бул жерге коюуну буйруду. Андан соң мен Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, анын үстүндө намаз окуганын жана анын үстүндө турганда «Аллаху акбар» деп такбир айтканын, андан кийин анын үстүндө турганда рүкү кылганын, андан соң жүзүн артка бурбай ылдый түшүп, минбардын жанында сажда кылып, кайра кайтып чыкканын көрдүм. Намазды окуп бүткөн соң элге кайрылып: "Эй адамдар, мен муну силер менин намазымды ээрчип, үйрөнсөңөр деп кылдым" - деп айтты".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيصفة الصلاة، أحكام الإمام والمأموم، أحكام المساجدموضوعات الحديثأحكام المساجد غير الحرمين، أحكام المسجد النبوي، صفة الصلاة
"Силердин бирөөңөр мечитке киргенде отурар алдында эки рекет намаз окусун".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيصلاة التطوع، أحكام المساجدموضوعات الحديثأحكام المساجد غير الحرمين، صلاة التطوع
Умму Салама Эфиопия жеринде "Мария" деп аталган чиркөөнү көргөнүн, анын ичинде (ар түрдүү) сүрөттөр бар экенин Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кеп кылат. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): " Эгер арасындагы ийги иш-амалдарды кылган пенде (же киши) дүйнөдөн өтсө, анын кабырына мечит куруп . Анан ага жанагындай сүрөттөрдү тартышат. Мына ошолор Аллахтын алдындагы эң жаман калайык" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيأحكام المساجد، توحيد الألوهية، الشركموضوعات الحديثالتصوير، أهمية التوحيد، اتخاذ القبور مساجدمحاور التعريف بالإسلامبطلان الشرك وصوره