Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 1

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

Али ибн Абу Талиб (Аллах андан ыраазы болсун) Йеменден Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) топурагынан тазалана элек кичинекей алтынды ашатылган териге салып жиберди. Анан ал аны төрт кишинин: Уяйна ибн Бадрдын, Акра ибн Хабистин жана Зайд ал-Хайлдын ортосунда бөлүштүрдү, ал эми төртүнчүсү же Алкама, же Амир ибн Туфайл эле. Ошондо анын сахабаларынын бири: "Буларга караганда буга биз көбүрөөк акылуу элек" - деди. Бул сөз Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жеткенде, ал: «Силер мага ишенбейсиңерби? Мен асмандагынын аманаткөйү болсом, мага эртең менен жана кечинде асмандын кабары келип турат.» - деди. Ошондо көздөрү чуңкурайган, жаак сөөктөрү чыгып турган, маңдайы дөңчөйгөн, сакалы коюу, чачы кырылган жана балагын түрүнүп алган бир киши ордунан туруп: "Оо, Аллахтын элчиси, Аллахтан корк!" - деди. Ал: «Шооруң курсун! Жер бетиндегилердин арасынан Аллахтан коркууга эң акылуусу мен эмесминби?!» - деди. Анан ал киши бурулуп кетип калды. Халид ибн Валид: "Оо, Аллахтын элчиси, мен анын башын алайынбы?" - деди. Ал: «Жок, балким, ал намаз окуйт» - деди. Халид: "Намаз окугандардын канчасы тили менен жүрөгүндө жок нерсени айтышат" - деди. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Чындыгында, мага адамдардын жүрөктөрүн тинтип, курсактарын жарып көрүү буйрулган эмес» - деди. Андан кийин ал артын салып кетип бараткан кишинин артынан карап мындай деди: «Чындыгында, мунун тукумунан Аллахтын китебин тынымсыз, көп окуган, бирок окугандары кекиртектеринен ары өтпөгөн бир коом чыгат. Алар жаанын огу атылган жаныбарды тешип өткөндөй динден чыгышат». Менимче, ал дагы: «Эгер мен аларга жетсем, аларды Самуд эли өлтүрүлгөндөй кырып өлтүрмөкмүн» - деп айтты.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)