Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 3

Чыпкаларды алып салуу
«Кимде-ким кедейдин карызын төлөө мөөнөтүн кечиктирсе, же карызынын баарын же бир бөлүгүн кечип салса, анда Аллах аны Кыямат күнү Өз Аршынын көлөкөсүндө башка эч кандай көлөкө жок болгон күнү көлөкө кылат».
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
"Убакыт тарымайынча кыямат кайым болбойт . Жыл айдай болуп калат. Ай аптадай болот. Апта күндөй эле болуп калат. Күн сааттай болот. А саат болсо куураган курма жалбырагын күйгүзгөндөй (жалт этип) өтөт".
Сахих (ишенимдүү) Ахмад жазып калтырган.
"Бул дин түндүн караңгылыгы менен күндүн нуру жеткен жердин баарына жетет. Аллах Таала бул динди киргизбеген же ылайдан салынган, же кийизден жасалган үй калбайт. Ал бирөөлөрдү ызаттуу кылса, бирөөлөрдү кор кылат. Исламды кабыл кылгандарды Аллах ызаттуу кылат. Каапыр болгондорду Аллах кор кылат" Тамим ад-Даари айтат: Бул хадисте айтылганды мен өзүмдүн жакындарымдан көрдүм. Алардын арасынан динди кабыл кылгандары жакшылыкка жетип, кадыры артып, ызаттуу болду. Динди кабыл кылбай каапыр болгондору кордук тартып, кор болушуп, салык төлөп калышты.
Сахих (ишенимдүү) Ахмад жазып калтырган.