Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 5

Чыпкаларды алып салуу
Бир жолу Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мечитте тизилип отурган сахабаларына чыгып: "Эмне кылып отурасыңар?" - деди. "Аллахты зикир кылып, бизди Исламга баштаганына жана аны бизге белек кылганына шүгүр келтирип отурабыз" - дешти. "Ушул үчүн эле отурабыз деп касам ичесиңерби?" - деди. "Аллахка касам ичип айтабыз, ушул үчүн эле отурабыз" - дешти. "Мен силерге ишенбегеним үчүн касам ичтиргеним жок. Бирок мага Жебирейил келип, Аллах Таала периштелерге силерди мактап жатканын айтты" - деди".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضل العلم، فضل الذكر، فوائد ذكر الله عز وجلموضوعات الحديثالذِّكْر، الشكر
«Эгерде азанчы: "Аллаху акбар, Аллаху акбар" - десе, силер да: "Аллаху акбар, Аллаху акбар" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Ашхаду ал-лаа илааха иллаллах" - десе, силер да: "Ашхаду ал-лаа илааха иллаллах" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Ашхаду анна Мухаммадар-расуулуллах" - десе, силер да: "Ашхаду анна Мухаммадар-расуулуллах" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Хаййя алас-солаах" - десе, силер: "Лаа хаула уа лаа куввата илла бил-лаах" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Хаййя алаль-фалаах, хаййя алаль-фалаах" - десе, силер: "Лаа хаула уа лаа куввата илла бил-лаах" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Аллаху акбар, Аллаху акбар" - десе, силер да: "Аллаху акбар, Аллаху акбар" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Лаа иляха иллааллах" - десе, силер да: "Лаа иляха иллааллах" - деп чын жүрөктөн айтсаңар, анда Аллах силерди бейишке киргизет”. (7)
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضل الذكر، الأذان والإقامةموضوعات الحديثالذِّكْر، أحكام الأذان والإقامة
Аллах Кыямат күнү үммөтүмдөн бир адамды бардык адамдардын арасынан тандап алат. Анан токсон тогуз китепти көзгө көрүнгөн жерге чейин жайат. Ар бир китеп көзгө көрүнгөн жерге чейинки чоңдукта болот. Андан кийин мындай дейт: «Булардын кайсы бирин жокко чыгарасын? Менин сактоочу жазуучуларым сага зулумдук кылыштыбы? Ал: «Жок, Раббим» – дейт. Анан: "Сенин үзүрүң барбы?" - дейт. Ал: «Жок, Раббим» - дейт. Роббиси: «Бирок, Бизде сенин бир жакшылыгың бар» - дейт. Чындыгында, бүгүн сага эч кандай зулумдук кылынбайт. Ал китептин ичинен: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экендигине күбөлүк берем жана Мухаммад Анын кулу жана Элчиси экендигине күбөлүк берем» - деген жазуусу бар баракча чыгарылат. Роббиси: «Амал таразаны алып келгиле» дейт, анан: «Оо, Раббим! Бул баракча чоң китептердин алдында эмнеге жарайт? - дейт. Раббиси: «Силерге зулум кылынбайт» - деди. Андан кийин китептерди таразанын бир табагына салып, баракчаны таразанын экинчи табагына койгондо баракча китептерге басымдуу келет. Мына ошондуктан Аллахтын ысымы менен эч нерсе тең келбейт».
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жана Ибн Маажа жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضائل التوحيد، الحياة الآخرةموضوعات الحديثأهمية التوحيد، سعة فضل الله عز وجل، الإيمان باليوم الآخرمحاور التعريف بالإسلامالحساب، النجاة بالدخول في الإسلام
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Улуу Раббисинен риваят кылган хадисте мындай деп айтты: «Чындыгында, Аллах жакшылыктарды да, жамандыктарды да жазып анан аны ачык баяндады. Кимде-ким бир жакшылык кылууну каалап, аны аткара албай калса, анда Аллах Өзүндө ага толук жакшылык жазат. А эгерде ал ниет кылып аны аткарса, анда Аллах Өзүндө ага он эседен жети жүз эсеге чейин, бир канча эселетип жазат. Кимде-ким бир жамандык кылууну ниет кылып, аны кыла албай калса, анда Аллах ага толук жакшылык жазат. А эгерде ниет кылып аны аткарган болсо, анда Аллах Өзүндө ага бир жамандыкты гана жазат».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيفضائل الأعمال الصالحة، توحيد الأسماء والصفاتموضوعات الحديثسعة فضل الله عز وجلمحاور التعريف بالإسلامعدل الإسلام، الحساب
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Меккени фатх кылган күнү элге кайрылып мындай деди: «Эй адамдар! Чындыгында, Аллах силерден Исламга чейинки доордун текебердигин жана ата-бабалары менен сыймыктанууларын алып салды. Эй адамдар, Аллах силерден жахилияттын жүгүн жана анын ата-бабаларына болгон текебердигин алып салды. Адамдар эки түрдүү болот: салих, такыба жана Аллахтын алдында урматтуу жана бузуку, бактысыз, Аллахтын алдында эң төмөн. Бардык адамдар Адам атанын балдары. Аллах Таала Адам атаны топурактан жараткан. Аллах Таала айтты: "Оо, адамдар! Биз силерди бир эркек жана бир аялдан (Адам ата менен Обо энеден) жараттык жана бири-бириңерди таанып-билишиңер үчүн силерди элдерге жана урууларга бөлдүк. Чындыгында, Аллахтын алдында силердин эң урматтууңар - эң такыбаңар. Чындыгында, Аллах Билүүчү, Кабардар!". (Аль-Хужурат сүрөөсү, 13-аят)
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жана Ибн Хаббан жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالمجتمع المسلم، فضائل أعمال القلوب، الأخلاق الذميمة، خصائص الإسلام وفضله ومحاسنه، حقوق الإنسان في الإسلام، تفسير الآياتموضوعات الحديثالكبائر والمحرمات، التواضع، القرآن وعلومه، التقوى، الكبرمحاور التعريف بالإسلاممحاسن الأخلاق، عدل الإسلام