Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 113

Чыпкаларды алып салуу

Равий

Бардык равийлерди көрсөтүү (53)
"Мээримдүүлөргө Мээримдүү Зат ырайым кылат. Жер жүзүндөгүлөргө ырайым кылгыла, силерге асмандагы Зат ырайым кылат".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Муазды улоосуна учкаштырып баратып: "Муаз бин Жабал!" - деди. Ал: "Кызматыңызга даярмын, о, Аллахтын элчиси!" - деди. "Муаз!" - деди дагы. "Кызматыңызга даярмын, о, Аллахтын элчиси!" - деди ал. Ушунтип үч жолу айткандан кийин: " Ким чын жүрөгү менен: "Лаа илааха иллаллооху, ва анна Мухамммадан аъбдуху ва расуулух" - деп күбөлүк берсе, Аллах анын тозокко кирүүсүн арам кылат" - деди. "О, Аллахтын элчиси, муну адамдарга айтып сүйүнчүлөйүнбү?" - деди Муаз. "Андай кылсаң, ушуга таянып алышат" - деди. Бул хадисти Муаз өлөр алдында хадисти айтпай жашырып кетүүдөн корккону үчүн айтты.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Сатканда, сатып алганда жана өз акысын талап кылганда жоомарт адамды Аллах ырайымына алсын».
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
"Тилиң ар дайым Аллахты зикир кылуу менен нымдалып турсун".
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
«Аллах Таала кыямат күнү кийимин текеберлик менен сүйрөгөн адамга карабайт».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Кимдир бирөө бир тууганын үч түндөн ашык жүз буруп таштап коюусу туура эмес. Ошентип, ал мындан жүз бурат, бул андан жүз бурат. Алардын эң жакшысы саламды биринчи баштаганы болот».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Чындыгында, Аллахтын алдында адамдардын эң жаманы – өтө талашчаак адам».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Тумшугу менен жер сүзсүн, дагы тумшугу менен жер сүзсун, дагы тумшугу менен жер сүзсүн". Бирөөлөр: О, Аллахтын элчиси, ким тумушугу менен жер сүзсүн? деп сурады. Ал: "Анын ата-энеси экөө тең же экөөнүн бири картайган кезине жетсе, (аларга кызмат кылып) бейишке кире албаган адам" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.