Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 82

Чыпкаларды алып салуу
"Жакшылык - бул жакшы адеп-ахлак. Күнөө - көкүрөгүңдү өйүгөн жана адамдар билүүсүн жек көргөн иштериң"
Сахих (ишенимдүү) Биринчи хадисти Имам Муслим, ал эми экинчи хадисти Имам Ахмад жана Имам Дарими риваят кылган.
"Кимде-ким бир ыймандуу адамды бул дүйнөдө кайгыдан арылтса, Аллах аны кыямат күндөгү кайгыдан арылтат. Кимде-ким бирөөнүн ишин жеңилдетсе, Аллах анын ишин дүйнө жана акыретте жеңилдетет. Кимде-ким мусулмандын айыбын жашырса, Аллах дүйнө жана акыретте анын айыбын жашырат. (Диндеш) тууганына жардам берген пендеге Аллах да жардам берет. Кимде-ким илим издеп жолго чыкса, ошол үчүн Аллах ага бейиштин жолун жеңил кылат. Кайсы бир адамдар Аллахтын үйлөрүнүн бирине чогулуп Аллахтын китебин окуп, бири-бирине үйрөтсө, аларга бейпилдик түшөт, ырайым ороп алат, аларды периштелер курчайт, Аллах аларды периштелерге мактайт. Кимди иш-амалдары артта калтырса, аны ата-теги алдыга жылдырып койбойт".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Чынчыл болгула, анткени чындык жакшылыкка жетелейт, а жакшылык болсо бейишке алып барат . Адам чындыкты айта берип, чынчылдыкка берилсе, Аллахтын алдында чынчыл деп жазылат. Жалган айтуудан сак болгула, анткени жалган жамандыкка жетелейт, а жамандык болсо тозокко алып барат. Адам жалган айта берип жалганга берилсе, Аллахтын алдында жалганчы деп жазылат".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Жагымдуу түш - Аллахтан, жаман түш - шайтандан. Эгерде кимдир бирөөңөр корко турган жаман түш көрсө, сол тарабына түкүрсүн жана Аллахтан анын жамандыгынан сактоону сурансын. Ошондо ал ага зыян тийгизбейт».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Күрөшкөн күчтүү эмес. Ачууланганда өзүн кармай билген күчтүү».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки мүрзөнүн жанынан өтүп баратып: "Бул экөө азапталып жатат. (Өздөрүнүн оюндагы) чоң эмес күнөө себептүү азапталып жатат. Экөөнүн бири заарасынан тазаланбайт эле. Ал эми экинчиси ушак-айың таратып басып жүрчү" - деди. Анан кургай элек бутакты алып, тең ортосунан жарды да, эки мүрзөнүн ар бирине бир-бирден сайып койду. О, Аллахтын элчиси, эмне үчүн мындай кылдың? - деп сурашты. "Ушул бутактар соолуп калганга чейин алардын азабы жеңилдесе ажеп эмес" деди ал.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Кимде-ким: "Субханаллоохи ва бихамдихи" деп күнүнө жүз жолу айтса, күнөөлөрү деңиз толкунунун көбүгүндөй көп болсо да кечирилет".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Кимде-ким бул дүйнөдө жибек кийим кийсе, акыретте аны кийбейт".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)