Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 19

Чыпкаларды алып салуу
«Эгерде силер Аллахка чындап тобокел (таянуу) кылганыңарда, Аллах силерге эртең менен курсагы ач чыгып, кечинде курсагы ток кайткан чымчыкка ырыскы бергендей ырыскы бермек».
Сахих (ишенимдүү) Имам Ахмад, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа, Ибн Хиббан Сахих китебинде жана ал-Хаким риваят кылган
"Жакшылык - бул жакшы адеп-ахлак. Күнөө - көкүрөгүңдү өйүгөн жана адамдар билүүсүн жек көргөн иштериң"
Сахих (ишенимдүү) Биринчи хадисти Имам Муслим, ал эми экинчи хадисти Имам Ахмад жана Имам Дарими риваят кылган.
"Тилиң ар дайым Аллахты зикир кылуу менен нымдалып турсун".
Сахих (ишенимдүү) Ахмад, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ибн Хиббан риваят кылган
"Эй, адамдар! Саламыңарды жайылткыла. Ачкаларды тоюндургула! Туугандар менен катташкыла! Түндө башкалар уктап жатканда силер намаз окугула! Ошондо эч жамандыкка учурабай бейишке киресиңер!".
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
"Көңүл бургула! Мен силерге силердин даражаңарды көтөрө турган, Падышаңардын алдында эң таза жана силер үчүн алтын-күмүш садака кылуудан да артык, казатта душманыңар менен беттешип, силер алардын, алар силердин башын кыя чапкандан да артыгыраак ишиңер жөнүндө айтып берейинби?" Алар: "Ооба" - дешти, Пайгамбар: "Ал иш - Аллахты зикир кылуу" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
«Кимде-ким (мусулман) бир тууганынын абийирин ал жокто коргосо, Аллах кыямат күнү анын жүзүн тозоктон сактайт».
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чүчкүргөндө колун же кийиминин бир учун оозуна тосуп, ошо менен үнүн басаңдатчу.
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
"Чынында, ыймандуу адам жакшы кулк-мүнөзү менен (күндүзү) орозо туткан, (түнү) намаз окуган адамдын даражасына жетет".
Сахих бишаваахидихи (башка ишенимдүү айтымдары бар хадис). Абу Дауд жана Ахмад жазып калтырган.