Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 1

Чыпкаларды алып салуу
Filter
Pick a property to filter by
التخريج المتعدد1
التخريج المتعدد: متفق عليه

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

Жума күнү Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кутпа айтып жатканда, «Дар ал-Каза» жактагы эшиктен мечитке бир киши кирип: Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) маңдайына туруп, «Эй, Аллахтын элчиси, (кургакчылыктан) мал-жандыктар кырылып, жолдор буулуп калды. Аллахка дуба кыл, бизге жамгыр берсин» - деп айтты. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки колун көтөрүп: «О Аллахым, бизге жамгыр жаадыр! О Аллахым, бизге жамгыр жаадыр! О Аллахым, бизге жамгыр жаадыр!» - деди. Анас айтат: «Аллахка ант болсун, биз асманда булутту да, булуттун бир үзүмүн да көргөн жокпуз. Биз менен "Саль" (тоосунун) ортосунда эч кандай үй же имарат жок болчу. Анан тоонун артынан калкандай болгон булут чыкты. Ал асмандын ортосуна келип жайылып, анан жамгыр жаай баштады. Аллахка ант болсун, биз алты күн бою күндүн көзүн көргөн жокпуз. Кийинки жума Аллахтын лчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) туруп кутпа айтып жатканда, бир киши ошол эле эшиктен кирип келди да, анын маңдайына туруп: «Эй, Аллахтын элчиси, (жамгырдын айынан) мал-жандык кырылып, жолдор жабылды. Аллахка дуба кыл, бизден жамгырды токтотсун» - деди. Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) колун көтөрүп, мындай деди: «О Аллахым, биздин үстүбүзгө эмес, айланабызга (жаадыр). О Аллахым, дөңсөөлөргө, тоолорго, өрөөндөрдүн түбүнө жана дарак өскөн жерлерге (жаадыр)». Анас айтат: «Жамгыр тык токтоп, биз жаркыраган күнгө чыктык». Шарик айтат: «Мен Анас ибн Маликтен: «Ал баягы биринчи киши беле?» - деп сурасам, ал: «Билбейм» - деп жооп берди».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيصلاة الاستسقاء