Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 5

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чүчкүргөндө колун же кийиминин бир учун оозуна тосуп, ошо менен үнүн басаңдатчу.
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларынан бир нече адам анын аялдарынан жашыруун (көзгө көрүнбөгөн) амалдары жөнүндө сурашты. Андан соң алардын кээ бири: «Аялдарга үйлөнбөйм»,— десе, кээ бири: «Эт жебейм»,— деди, ал эми дагы бири: «Төшөккө жатып уктабайм»,— деди. Ошондо Пайгамбар Аллахка мактоо-алкыш айтып, минтип кайрылды: «Тигиндей-мындай деп айткан адамдарга эмне болгон?! Бирок мен намаз да окуйм, уктайм дагы, орозо да кармайм, оозумду да ачам, ошондой эле аялдарга да үйлөнөм. Ким менин сүннөтүмдөн жүз бурса, ал менден эмес».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"О, ыймандуулардын энеси, мага Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кулк-мүнөзү тууралуу айтып бериңизчи". Ошондо ал: "Сен Куран окубайсыңбы?" - деп сурады. Ал: "Окуймун" - деди. "Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мүнөзү Куран эле" - деди Айша энебиз.
Сахих (ишенимдүү) Муслим узун хадис боюнча жазып калтырган.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бут кийим кийгенде, чач-сакалын тараганда, даарат алганда, деги ар бир ишинде оң жагынан баштоону жакшы көрөт эле.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын ичинен мүнөзү эң жакшысы эле.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)