Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 4

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

"Аял киши эки күндүк жолго күйөөсү же махрамы менен гана чыгат . Эки күндө орозо кармоого болбойт: орозо айтта жана курбан айтта. Таңкы намаздан кийин күн чыкканча намаз окууга болбойт, дигерден кийин күн батканча намаз окууга болбойт. Үч гана мечитке атайын сапар кылып барууга болот: Харам мечитине, Акса мечитине жана менин ушул мечитиме (Набави мечитине)".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"«Эй, аялдар жамааты! Садака бергиле, анткени мага тозок элинин көпчүлүгү силер экениңер көрсөтүлдү». Алар: «Эмне үчүн, оо, Аллахтын Элчиси?» - деп сурашты. Пайгамбар: «Силер каргышты көп айтасыңар жана күйөөңөрдүн жакшылыгын танбайсынар. Акылы жана дини кем болгондордун ичинен чечкиндүү эркектин акылын силерчелик алган эч кимди көрбөдүм», - деди. Алар: «Биздин динибиздин жана акылыбыздын кемчилдиги эмнеде, Оо, Аллахтын Элчиси?» - дешти. Пайгамбар: «Аялдын күбөлүгү эркектин күбөлүгүнүн жарымына барабар эмеспи?» - деди. Алар: «Ооба», - дешти. Пайгамбар: «Мына ушул – анын акылынын кемчилдиги. Эгерде аялдын айызы келсе намаз окубайт жана орозо кармабайт эмеспи?» - деди. Алар: «Ооба», - дешти. Пайгамбар: «Мына ушул – анын дининин кемчилдиги», - деди."
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Качан азанды уксаңар, азанчы айткандай кайталап айткыла".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көзү тирүүсүндө, биз фитир садакасын улуу-кичүү, азат же кул болгон ар бир жан үчүн тамактан бир сааъ, же куруттан бир сааъ, же арпадан бир сааъ, же курмадан бир сааъ, же мейизден бир сааъ өлчөмүндө чыгарчубуз. Муавия ибн Абу Суфян (Аллах андан ыраазы болсун) ажылыкка же умрага келгенге чейин ушинтип чыгарып жүрдүк. Ал минбарда элге кайрылып сүйлөгөндө: «Менимче, Шамдын буудайынан эки мудд (эки ууч) курманын бир сааъына тең келет»,- деди. Адамдар муну кабыл алышты. Ал эми Абу Саид: «Мен болсо, көзүм тирүүсүндө аны мурда кандай чыгарып жүргөн болсом, өмүр бою ошондой гана чыгара берем»,- деп айтты.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)