عربي - Arabic English Qafár af - Afar Afrikaans - Afrikanns Akan Shqip - Albanian አማርኛ - Amharic Հայերեն - Armenian অসমীয়া - Assamese Azərbaycanca - Azerbaijani Bamanankan - Bambara Bassa Bemba বাংলা - Bengali Bosanski - Bosnian Български - Bulgarian မြန်မာဘာသာ - Burmese Bisaya - Cebuano Cham Нохчий - Chechen chiCheŵa - Chewa 中文 - Chinese Адыгэбзэ - Circassian Hrvatski - Croatian Česky - Czech Dagbani Dansk - Danish فارسی دری - Dari Dendi ދިވެހި ބަސް - Dhivehi Nederlands - Dutch إستوني - Estonian Suomi - Finnish Français - French Fulfulde - Fula ქართული - Georgian Deutsch - German Ελληνικά - Greek ગુજરાતી - Gujrati Kreyòl ayisyen - Haitian Creole Hausa हिन्दी - Hindi Magyar - Hungarian Igbo Indonesia - Indonesian Italiano - Italian 日本語 - Japanese Jóola - Jola ಕನ್ನಡ - Kannada Қазақша - Kazakh ភាសាខ្មែរ - Khmer Kikuyu Ikinyarwanda - Kinyarwanda Ikirundi - Kirundi 한국어 - Korean كوردی سۆرانی - kurdish كوردي kurmancî - Kurmanji Kyrgyz ລາວ - Lao latviešu - Latvian Lingala lietuvių - Lithuanian Luganda Македонски - Macedonian Maguindanaon Malagasy - Malagasy Bahasa Melayu - Malay മലയാളം - Malayalam Mandinka मराठी - Marathi Mõõré - Moore नेपाली - Nepali أنكو - NKo Norwegian ଓଡ଼ିଆ - Odia oromoo - Oromo پښتو - Pashto فارسی - Persian Polski - Polish Portuguese ਪੰਜਾਬੀ - Punjabi Română - Romanian Русский - Russian Српски - Serbian Shona සිංහල - Sinhala Slovenščina - Slovenian Soomaaliga - Somali Soninke Sesotho - Sotho Español - Spanish Kiswahili - Swahili Svenska - Swedish Tagalog Тоҷикӣ - Tajik தமிழ் - Tamil తెలుగు - Telugu ไทย - Thai ትግረኛ - Tigrinya Türkçe - Turkish Ukrainian اردو - Urdu ئۇيغۇرچە - Uyghur Ўзбек - Uzbek Việt Nam - Vietnamese Wolof Yao Yorùbá - Yoruba Zarma زولو - Zulu
545 Хадистер
Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы
Категориялар
Хадистин даражасы
Риваят кылынган булак
Равий
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларынан бир нече адам анын аялдарынан жашыруун (көзгө көрүнбөгөн) амалдары жөнүндө сурашты. Андан соң алардын кээ бири: «Аялдарга үйлөнбөйм»,— десе, кээ бири: «Эт жебейм»,— деди, ал эми дагы бири: «Төшөккө жатып уктабайм»,— деди. Ошондо Пайгамбар Аллахка мактоо-алкыш айтып, минтип кайрылды: «Тигиндей-мындай деп айткан адамдарга эмне болгон?! Бирок мен намаз да окуйм, уктайм дагы, орозо да кармайм, оозумду да ачам, ошондой эле аялдарга да үйлөнөм. Ким менин сүннөтүмдөн жүз бурса, ал менден эмес».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, кырк жашында вахий түшкөн. Меккеде он үч жыл болду, андан соң хижрат кылууга буюрулду. Мындан улам Мадинага хижрат кылды, ошондо ал жерде он жыл болду. Андан соң Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, дүйнөдөн кайтты».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аян-кабар эң биринчи уйкудагы туура түштөн башталган. Ал кандай гана түш көрбөсүн, ал таңдын атышындай даана болуп келчү. Андан кийин ага жалгыздык сүйдүрүлдү. Ал Хира үңкүрүндө жалгыз калып, үй-бүлөсүнө кайтканга чейин бир нече түндөрдү ибадат кылып өткөрчү жана ал үчүн өзү менен азык алып алчу. Анан Хадичага кайтып келип, дагы ошончо убакытка азык камдап кетчү. Ошентип, ал Хира үңкүрүндө жүргөндө ага акыйкат (аян-кабар) келди.
Ага периште келип: «Оку!» – деди. Ал: «Мен окуганды билбейм» – деди. Аллахтын элчиси айтат: «Ал мени кармап, катуу кыскандыгынан алым кетти. Анан коё берип: «Оку!» – деди. Мен: «Окуганды билбейм» – дедим. Ал мени экинчи жолу кармап, катуу кыскандыгынан алым кетти. Анан коё берип: «Оку!» – деди. Мен дагы: «Окуганды билбейм» – дедим. Ал мени үчүнчү жолу кармап кысып, анан коё берип: «Жараткан Раббиңдин аты менен оку! Ал инсанды уюган кандан жараткан. Оку, сенин Раббиң эң улук Зат!» – деди. [Алак сүрөсү,1-3-аяттар].
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жүрөгү титиреп корккон абалда Хувайлиддин кызы Хадичага (Аллах андан ыраазы болсун) кайтып келип: «Мени ороп койгула, мени ороп койгула!» – деди. Анын коркуусу тараганча ороп коюшту. Анан Хадичага болгон окуяны айтып берип: «Мен өзүмө бир нерсе болуп кетеби деп корктум» – деди. Хадича: «Жок! Аллахка ант болсун, Аллах сени эч качан кор кылбайт. Анткени, сен туугандык байланышты бекемдейсиң, алсыздын жүгүн көтөрөсүң, бей-бечараларга жардам бересиң, коногуңду сыйлайсың жана акыйкат жолундагы кыйынчылыктарга жардам бересиң» – деди.
Анан Хадича Пайгамбарыбызды алып, агасынын уулу Варака ибн Науфал ибн Асад ибн Абдул-Уззага барды. Варака жахилият доорунда христиан динин тутунган, иврит (еврей) жазуусун билген адам эле. Ал Инжилден Аллахтын каалаганынча ивритче жазчу. Ал көзү көрбөй калган, карыган адам болчу. Хадича ага: Эй, агамдын уулу, бир тууганыңыздын уулунун айтканына кулак салыңыз - деди. Варака ага: Эй, бир тууганымдын уулу эмне көрдүң? - деди. Аллахтын элчиси ага көргөн нерселерин айтып берди. Варака Пайгамбарыбызга: Бул Аллах Мусага түшүргөн Наамус (периште) турбайбы! Аттиң, мен ал кезде жаш болсом кана! Коомуң сени кууп чыгарган кезде тирүү болсом кана! - деди. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Алар мени кууп чыгышабы? - деп сурады. Варака: Ооба, сен алып келген нерсени алып келген ар бир адам сөзсүз душмандыкка дуушар болгон. Эгерде сенин ал күнүңө жетсем, сага күчтүү жардам беремин - деди. Бирок көп өтпөй Варака кайтыш болду жана аян-кабардын келүүсү бир аз убакытка токтоп калды."
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бут кийим кийгенде, чач-сакалын тараганда, даарат алганда, деги ар бир ишинде оң жагынан баштоону жакшы көрөт эле.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Бул тууну эртең Аллахтын каалоосу менен жеңишке жете турган адамдын колуна карматам. Ал Аллахты жана Анын элчисин жакшы көргөн адам. Аллах жана Анын элчиси да аны жакшы көрөт". Бул түнү адамдардын баары тууну кимисине берер экен деп ойлонуп чыгышты. Эртеси таңда баары мага берип калар бекен деген үмүт менен Аллахтын элчисинин жанына чогулушту. Ал: "Али бин Абуталиб кайда жүрөт?" - деп сурады. Анын көзү ооруп калыптыр - деди бирөөлөр. "Аны чакырып келгенге бирөөнү жөнөткүлө" - деди. Алини чакырып келишти эле, пайгамбарыбыз куттуу шилекейин анын көзүнө сүртүп, дуба кылды. Көзү такыр оорубагандай болуп, дароо айыгып калды. Анан анын колуна тууну карматты. Али: О, Аллахтын элчиси, алар биз сыяктуу мусулман болгонго чейин согуша берейинби? - деп сурады. "Алардын чептерине жеткениңден кийин аларга Исламга кирүүсүн сунуш кыл. Эгер кабыл кылышса, аларга тиешелүү Аллахтын акыларын айтып түшүндүр. Аллахка ант берип айтамын, Аллах сенин себебиң менен бир адам туура жолго салса, бул сага кызыл төөлөргө ээ болгонуңдан да жакшы" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын ичинен мүнөзү эң жакшысы эле.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)