عربي - Arabic English Qafár af - Afar Afrikaans - Afrikanns Akan Shqip - Albanian አማርኛ - Amharic Հայերեն - Armenian অসমীয়া - Assamese Azərbaycanca - Azerbaijani Bamanankan - Bambara Bassa Bemba বাংলা - Bengali Bosanski - Bosnian Български - Bulgarian မြန်မာဘာသာ - Burmese Bisaya - Cebuano Cham Нохчий - Chechen chiCheŵa - Chewa 中文 - Chinese Адыгэбзэ - Circassian Hrvatski - Croatian Česky - Czech Dagbani Dansk - Danish فارسی دری - Dari Dendi ދިވެހި ބަސް - Dhivehi Nederlands - Dutch إستوني - Estonian Suomi - Finnish Français - French Fulfulde - Fula ქართული - Georgian Deutsch - German Ελληνικά - Greek ગુજરાતી - Gujrati Kreyòl ayisyen - Haitian Creole Hausa हिन्दी - Hindi Magyar - Hungarian Igbo Indonesia - Indonesian Italiano - Italian 日本語 - Japanese Jóola - Jola ಕನ್ನಡ - Kannada Қазақша - Kazakh ភាសាខ្មែរ - Khmer Kikuyu Ikinyarwanda - Kinyarwanda Ikirundi - Kirundi 한국어 - Korean كوردی سۆرانی - kurdish كوردي kurmancî - Kurmanji Kyrgyz ລາວ - Lao latviešu - Latvian Lingala lietuvių - Lithuanian Luganda Македонски - Macedonian Maguindanaon Malagasy - Malagasy Bahasa Melayu - Malay മലയാളം - Malayalam Mandinka मराठी - Marathi Mõõré - Moore नेपाली - Nepali أنكو - NKo Norwegian ଓଡ଼ିଆ - Odia oromoo - Oromo پښتو - Pashto فارسی - Persian Polski - Polish Portuguese ਪੰਜਾਬੀ - Punjabi Română - Romanian Русский - Russian Српски - Serbian Shona සිංහල - Sinhala Slovenščina - Slovenian Soomaaliga - Somali Soninke Sesotho - Sotho Español - Spanish Kiswahili - Swahili Svenska - Swedish Tagalog Тоҷикӣ - Tajik தமிழ் - Tamil తెలుగు - Telugu ไทย - Thai ትግረኛ - Tigrinya Türkçe - Turkish Ukrainian اردو - Urdu ئۇيغۇرچە - Uyghur Ўзбек - Uzbek Việt Nam - Vietnamese Wolof Yao Yorùbá - Yoruba Zarma زولو - Zulu
545 Хадистер
Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы
Категориялар
Хадистин даражасы
Риваят кылынган булак
Равий
"(Кыяматта бейиш тургундары бейишке киргенден кийин) бир жарчы минтип жар салат: "Силер эми дени сак болосуңар, эч качан оорубайсыңар! Силер эми тирүү болосуңар, эч качан оорубайсыңар! Силер эми жаш болосуңар, эч качан картайбайсыңар! Силер эми ырахатта блсуңар, эч качан кыжаалат болбойсуңар" бул Аллах Тааланын төмөнкү сөзүнө шайкеш: "Кийин аларга: “Бул силердин кылган иш-амалыңар үчүн мураска берилген бейиш” деп жар салынат" (Аьраф, 43-аят).
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
«Ким Аллахка ширк келтирбестен жолукса, анда ал бейишке кирет. Ал эми ким Ага ширк кылган абалда жолукса, анда тозокко кирет».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Оо, Абу Саид, ким Аллахты Раббим, Исламды диним жана Мухаммадды пайгамбарым деп ыраазы болсо, ага бейиш важиб болот". Абу Саид буга таң калып: "Оо, Аллахтын элчиси, муну мага кайталап айтып бериңизчи", - деди. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайталап айтты, андан кийин: "Пендени бейиште жүз даражага көтөрө турган дагы бир амал бар, ар бир даражанын аралыгы асман менен жердей", - деди. Абу Саид: "Оо, Аллахтын элчиси, ал эмне?" - деп сурады. Пайгамбар: "Аллах жолунда күрөшүү, Аллах жолунда күрөшүү", - деп жооп берди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Бейиш тургундары бейишке киргенден кийин Улуу Аллах Таала: "Дагы бир нерсени каалайсыңарбы, кошумча кылып берейин?" - дейт. Бейиш ээлери: "Сен биздин жүзүбүздү агартпадыңбы? Бейишке киргизбедиңби? Тозоктон куткарбадыңбы?" - дешет. Ошондо Аллах Таала көшөгөнү ачат, аларга Раббисинин жамалын көрүүдөн артык сүйүктүү нерсе берилген эмес эле".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарды бейишке эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда, ал: «Аллахка такыбалык кылуу жана жакшы адеп-ахлак» - деп айтты. Андан кийин адамдарды тозокко эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда: «Ооз жана жыныстык мүчө» - деп жооп берди.
Хасан Сахих (жакшы, ишенимдүү хадис). Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
"Эки түрдүү адамдар тозоктун тургундары болот, бирок мен аларды көрө элекмин. Биринчиси, колунда уйдун куйругундай чубалган камчысы бар, аны менен адамдарды сабаган коом. Экинчиси, кийимчен жылаңач, эркектерди өздөрүнө тарткан жана башкаларды да ушундай болууга кызыктырган, башына түйгөн чачтары төөнүн өркөчүндөй чайпалган аялдар. Мына ушулар бейишке кирбейт жана бейиштин жытын да жыттабайт. Ал эми бейиштин жыты канча-канча аралыкка буркурап турат".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Мага бейиш менен тозок көрсөтүлдү, жакшылык менен жамандык жагынан бүгүнкүдөй күндү эч качан көргөн эмесмин. Эгерде менин билгенимди билгениңерде, аз күлүп, көп ыйламаксыңар."
Анас айтат: Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабалары үчүн мындан өткөн оор күн болгон эмес.
Ал айтты: Алар баштарын жаап, бышактап ыйлап жатышты.
Ал айтты: Ошондо Умар туруп мындай деди: Биз Раббибиз Аллах, динибиз Ислам жана пайгамбарыбыз Мухаммад - деп ыраазы болдук.
Ал айтты: Анан баягы адам ордунан туруп: Менин атам ким? - деп сурады.
Ал: "Сенин атаң баланча" - деди.
Ошондо: «Оо, ыйман келтиргендер! (Силерге зарыл болбогон) Ар нерсени сурай бербегиле. Эгер сурооңорго жооп берилсе андан өзүңөргө кыйынчылык жаратып аласыңар». (Маида сүрөсү, 101-аят) - деген аят түштү.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен чогуу отурганбыз. Кокустан ал бир нерсенин катуу урунган добушун угуп: "Бул эмне экенин билесиңерби?" - деди. Биз: Аллах жана Анын элчиси жакшы билет - дедик. Ал: "Бул жетимиш жыл мурда тозокко ыргытылган таш, ал учуп барып тозоктун түбүнө азыр түштү" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.