Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 4

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

"«Эй, аялдар жамааты! Садака бергиле, анткени мага тозок элинин көпчүлүгү силер экениңер көрсөтүлдү». Алар: «Эмне үчүн, оо, Аллахтын Элчиси?» - деп сурашты. Пайгамбар: «Силер каргышты көп айтасыңар жана күйөөңөрдүн жакшылыгын танбайсынар. Акылы жана дини кем болгондордун ичинен чечкиндүү эркектин акылын силерчелик алган эч кимди көрбөдүм», - деди. Алар: «Биздин динибиздин жана акылыбыздын кемчилдиги эмнеде, Оо, Аллахтын Элчиси?» - дешти. Пайгамбар: «Аялдын күбөлүгү эркектин күбөлүгүнүн жарымына барабар эмеспи?» - деди. Алар: «Ооба», - дешти. Пайгамбар: «Мына ушул – анын акылынын кемчилдиги. Эгерде аялдын айызы келсе намаз окубайт жана орозо кармабайт эмеспи?» - деди. Алар: «Ооба», - дешти. Пайгамбар: «Мына ушул – анын дининин кемчилдиги», - деди."
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Улуу Аллах Таала бейиш тургундарына: "Эй, бейиш тургундары!" - деп кайрылат. Алар: "О, Раббибиз, Сенин кызматыңа даярбыз" - дешет. Аллах Таала: "Ыраазы бодуңарбы?" - деп сурайт. Алар: "Биз кантип ыраазы болбойбуз, Сен бизге башка эч бир калайыкка бербеген нерсени бердиң" - дешет. Аллах Таала: "Мен силерге мындан да жакшыны берем" - дейт. Алар: "О, Рабби, мындан да жакшы нерсе болмок беле?"- дешет. Аллах Таала: "Мен силерге ыраазы болдум. Мындан кийин силерге такыр ачууланбаймын" - дейт.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Өлүм ала түстүү кочкордун кейпиндей болуп алып келинет. Ошондо бир чакыруучу: «Эй, бейиш ээлери» - деп чакырат. Алар баштарын көтөрүп карап калышат. Ошондо ал: «Силер муну билесиңерби?» - дейт. Алар: «Ооба, бул өлүм» - дешет, аны баары көрүшөт. Анан ал: «Эй, тозок ээлери» - деп чакырат. Алар баары баштарын көтөрүп карашат. Ал: «Силер муну тааныйсыңарбы?» дейт. Алар: «Ооба, бул өлүм» - дешет, аны баары көрүшөт. Ошондо аны союп: «Эй, бейиш ээлери! Түбөлүккө каласыңар, өлүм жок» – деп айтат. Эй, тозок ээлери! Түбөлүккө каласыңар, өлүм жок» - деп бул аятты окуду: «Аларды зыянга учураган күн менен эскерткин. Алар капылет абалда болгон учурда Кыямат болот». (Мариям: 39) Дүйнө ээлери алар ушундай капылетте болушат. «Алар ыйман келтиришпейт» - деген аятты окуду.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Чындыгында бейиште бир дарак бар, күлүк, ылдам, суутулуп тапталган ат менен чаап жүрүп олтурган адам андан жүз жылда да басып өтө албайт."
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)