Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 2

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир күнү минбарга отурду, биз да анын айланасына отурдук. Ошондо ал: «Чынында, мен өзүмдөн кийин силерге дүнүйөнүн кооздугу жана зыйнаты ачылып берилишинен (жана ага азгырылууңардан) коркомун», – деди. Бир адам: «Оо, Аллахтын элчиси, жакшылык жамандык алып келеби?» – деп сурады. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) унчукпай калды. Тиги адамга: «Сага эмне болду? Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы мактоосу болсун) сүйлөп жатасың, бирок ал сага жооп бербей жатат?» – дешти. Биз ага вахий түшүрүлүп жатканын байкадык. Анан ал (жүзүндөгү) терди аарчыды да: «Суроо берүүчү кайда?» – деди. Ал анын (суроосун) мактагандай болду. Андан соң мындай деди: «Чынында, жакшылык жамандык алып келбейт. Бирок, жаз өстүрүп чыгарган өсүмдүктөрдүн ичинде (мал көп жеп алса) өлтүрө тургандары же өлүмгө жакындата тургандары бар. Ал эми жашыл чөптү (ченем менен) жеген мал андай эмес: ал чөптү жейт, эки капталы кампайганда, күндү карап туруп, тезегин таштап, заарасын ушатат да, кайра жайылып оттой берет.Чынында, бул мал-дүйнө жашыл (кызыктыруучу) жана таттуу нерсе. Бул мал-дүйнөдөн кембагалга, жетимге жана жолоочуга берген мусулман адам кандай жакшы дос! – же Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткандай. – Ал эми ким аны акысы жок (адилетсиздик менен) алса, ал жеп бирок тойбогон сыяктуу болот жана кыямат күнү ал (байлыгы) ага каршы күбө болот».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Чынында, дүйнө - таттуу, көрүмдүү. Аллах Таала анда силерди бириңердин артынан бириңерди келтирип турат. Анан кандай иш-амал кылганыңарга карайт. Дүйнөдөн сак болгула жана аялдардан сак болгула . Анткени Исраил урпактарында алгачкы фитна-бүлгүн аялдардан болгон".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.