عربي - Arabic English Qafár af - Afar Afrikaans - Afrikanns Akan Shqip - Albanian አማርኛ - Amharic Հայերեն - Armenian অসমীয়া - Assamese Azərbaycanca - Azerbaijani Bamanankan - Bambara Bassa Bemba বাংলা - Bengali Bosanski - Bosnian Български - Bulgarian မြန်မာဘာသာ - Burmese Bisaya - Cebuano Cham Нохчий - Chechen chiCheŵa - Chewa 中文 - Chinese Адыгэбзэ - Circassian Hrvatski - Croatian Česky - Czech Dagbani Dansk - Danish فارسی دری - Dari Dendi ދިވެހި ބަސް - Dhivehi Nederlands - Dutch إستوني - Estonian Suomi - Finnish Fon Français - French Fulfulde - Fula ქართული - Georgian Deutsch - German Ελληνικά - Greek ગુજરાતી - Gujrati Kreyòl ayisyen - Haitian Creole Hausa हिन्दी - Hindi Magyar - Hungarian Igbo Indonesia - Indonesian Italiano - Italian 日本語 - Japanese Jóola - Jola ಕನ್ನಡ - Kannada Қазақша - Kazakh ភាសាខ្មែរ - Khmer Kikuyu Ikinyarwanda - Kinyarwanda Ikirundi - Kirundi 한국어 - Korean كوردی سۆرانی - kurdish كوردي kurmancî - Kurmanji Kyrgyz ລາວ - Lao latviešu - Latvian Lingala lietuvių - Lithuanian Luganda Македонски - Macedonian Maguindanaon Malagasy - Malagasy Bahasa Melayu - Malay മലയാളം - Malayalam Mandinka मराठी - Marathi Mõõré - Moore नेपाली - Nepali أنكو - NKo Norwegian ଓଡ଼ିଆ - Odia oromoo - Oromo پښتو - Pashto فارسی - Persian Polski - Polish Portuguese ਪੰਜਾਬੀ - Punjabi Română - Romanian Русский - Russian Српски - Serbian Shona සිංහල - Sinhala Slovenščina - Slovenian Soomaaliga - Somali Soninke Sesotho - Sotho Español - Spanish Kiswahili - Swahili Svenska - Swedish Tagalog Тоҷикӣ - Tajik தமிழ் - Tamil తెలుగు - Telugu ไทย - Thai ትግረኛ - Tigrinya Türkçe - Turkish Türkmen - Turkmen Ukrainian اردو - Urdu ئۇيغۇرچە - Uyghur Ўзбек - Uzbek Việt Nam - Vietnamese Wolof Yao Yorùbá - Yoruba Zarma زولو - Zulu
816 Хадистер
Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы
التصنيف الشرعي
Хадистин даражасы
Риваят кылынган булак
Равий
Бардык равийлерди көрсөтүү (19)
«Эй, пенделерим! Чындыгында, Мен зулумдук кылууну Өзүмө арам кылдым жана аны силерге да арам кылдым. Ошондуктан силер, эч качан бири-бириңерге зулумдук кылбагыла! Эй, пенделерим! Чындыгында силердин баарыңар адашуудасыңар, бир гана Мен туура жолго салып койгон адамдар гана туура жолдо. Мына ошондуктан силер Менден туура жол сурагыла! Ошондо Мен силерди туура жолго саламын. Эй, пенделерим! Чындыгында, бардыгыңар ачкасыңар, Мен ырыскы берген адамдар гана ток болушат. Ошондуктан менден ырыскы сурагыла, Мен силерге ырыскы беремин. Эй, пенделерим! Акыйкатта силердин араңардан, Мен кийинтип койгон адамдардан башка баарыңар жылаңачсыңар. Ошондуктан силер – Менден гана кийиндирүүнү сурангыла, Мен силерди кийимдүү кылам. Эй, пенделерим! Силер эртеден кечке күнөө кыласыңар. Ал эми Мен күнөөлөрдүн бүт баарын кечиремин. Ошондуктан силер – Менден кечирим сурагыла! Мен силерди кечиремин. Эй, пенделерим! Мага зыян бергенге аракет кылып көргүлө. Бирок силер – эч качан Мага зыян бере албайсыңар. Эй, пенделерим! Силер Мага пайда бергенге да аракет кылып көргүлө. Бирок силер – эч качан Мага пайда бере албайсыңар. Эй, пенделерим! Эгерде силерден алгачкыңардан баштап акыркыңарга чейинки адамдардын жана жиндердин бүт баарысынын жүрөктөрү силердин араңардан эң такыбалуу бир кишинин жүрөгүндөй болуп бир деңгээлде такыба болсоңор да, бул нерсе Менин мүлкүмдөн эч нерсени көбөйтпөйт. Эй, пенделерим! Эгерде силерден алгачкыңардан баштап акыркыңарга чейинки адамдардын жана жиндердин бүт баарысынын жүрөктөрү, силердин араңардан эң жаман бир кишинин жүрөгүндөй болуп бир деңгээлде жаман болсоңор да, бул нерсе Менин мүлкүмдөн эч нерсени азайтпайт. Эй, пенделерим! Эгерде силерден алгачкыңардан баштап акыркыңарга чейинки адамдардын жана жиндердин бүт баарысы бир жерге чогулушуп туруп, Менден муктаждыктарын сураса, Мен алардын ар бирине сураган нерселерин берсем да бул нерселер – ийне деңизге салынып алынганда деңиздин суусун ийне азайткан сыяктуу менин мүлкүмдөн ошончолук деңгээлде гана кемите алат. Эй, пенделерим! Чындыгында, алар силердин кылган иш-аракеттериңер. Ал иш-аракеттериңерди эсеп-кысап кылам. Анан ошого жараша силерге сооп же жаза берем. Кимде-ким өзүн жакшы абалда тапса, анда ал Аллахка мактоо айтсын. Ал эми кимде-ким өзүн жакшы абалда таппаса, анда ал өзүнөн башка эч кимди күнөөлөбөсүн».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأربعون النووية، توحيد الأسماء والصفات
"Адамдар ар бир мүчөсү үчүн күн сайын садага берүүгө милдеттүү. Эки адамды жараштыруу - садага. Кишини улоосуна мингизип, же буюм-теримин улоосуна артышып коюу - садага. Ооздон чыккан жакшы сөз - садага. Намаз окуу үчүн мечитке каттаган ар бир кадам - садага. Зыяны тие туган нерсени жолдон алып таштоо - садага".
Сахих (ишенимдүү) Бухарий жана Муслим риваяты
التصنيف الشرعيالأربعون النووية، خصائص الإسلام وفضله ومحاسنه
"Аллах Аруу-Таза, таза нерселерди гана кабыл кылат. Аллах Таала ыймандууларды пайгамбарларды буйруган нерсеге буйруган. Ал минтип айткан: "Оо, элчилер! Таза, адал нерседен жегиле! Жакшы иш-амалдарды кылгыла! Чынында, эмне кылганыңарды Мен билүүчүмүн". (Муминун, 51-аят). Ошондой эле: "Оо, ыйман келтиргендер! Биз силерге берген ырыскылардын таза-адалынан жегиле...!" деген. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алыс сапарга чыгып, чачы саксайып жүдөгөн, үстү-башын чаң баскан адам колун өйдө көтөрүп: “Оо, Раббим! Оо, Раббим!” - деп дуба кылганын эскерип, анан мындай деди: “Анын жегени арам, ичкени арам, кийгени арам, арамдан азыктанат. Анан анын дубасы кантип кабыл болсун?!”
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأربعون النووية، أسباب إجابة الدعاء وموانعه، توحيد الأسماء والصفات
«Күндөрдүн биринде биз Аллахтын элчисинин жанында олтурган элек. Ошол учурда жаныбызга аппак кийимчен, чачтары капкара болгон бир киши келди. Анын кейпинде мусапырлык белги да жок, эч кимибиз аны тааныбайт да экенбиз. Ал келип эле Аллахтын элчисинин тизесине тизесин тийгизип, колдорун сандарына коюп олтурду да:
– Оо, Мухаммад! Мага Ислам жөнүндө айтып бер - деди. Аллахтын элчиси:
– Ислам – бул Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экендигине жана Мухаммад Анын элчиси экендигине күбөлүк берүүң, намазды толук аткарууң, зекет берүүң, Рамазан орозосун тутууң жана күчүң жетсе каабага ажылык кылууң - деп жооп берди. Жанагы киши:
– Туура айттың - деди.
Биз анын суроо берип, кайра өзү тастыктап жатканына таң калдык. Андан кийин ал:
– Эми мага Ыйман жөнүндө айтып бер - деп сурады. Аллахтын элчиси:
– Ыйман – бул Аллахка, Анын периштелерине, Анын китептерине, Анын пайгамбарларына, акырет күнүнө жана жакшылык менен жамандык тагдырдан болоруна ишенүүң - деп жооп берди. Ал киши:
– Туура айттың - деди. Анан:
– Эми мага Ихсан жөнүндө айтып бер - деди. Аллахтын элчиси: Ихсан – бул сен Аллахты көрүп турганыңдай Ага сыйынууң. Сен Аны көрбөсөң да, Ал сени сөзсүз түрдө көрүп турат - деп жооп берди. Ал киши:
– Кыямат качан болорун айтып бер - деди. Аллахтын элчиси:
– Бул жөнүндө суралуучу сурап жаткандан артык билбейт - деп жооп берди. Ал киши:
– Андай болсо, мага кыяматтын белгилери туурасында айтып бер - деди. Ал айтты:
– Күңдөн өзүнүн кожоюну төрөлөт, жылаң аяк, киерге кийими жок кедей малчылар бийик-бийик имараттарды курууда бири-бири менен атаандашканына күбө болосуң - деп жооп берди.
Умар айтты: «Андан кийин ал киши кетип калды. Арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин Аллахтын элчиси менден:
– Эй, Умар! Суроо узаткан киши ким экенин билесиңби? - деп сурады. Мен:
– Аллах жана Анын элчиси жакшы билет - деп жооп бердим. Ошондо ал:
– Чындыгында, ал Жебирейил периште болчу. Силерге диниңерди үйрөткөнү келген эле - деп айтты».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالعقيدة، الأربعون النووية
Сахабалардын бир тобу пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: "О Аллахтын элчиси, колунда барлар сооп топтоодо бизден озуп кетишти. Алар биздей эле намаз окушат, биздей эле орозо кармашат, бирок байлыгы бар болгондуктан садака да беришет" - дешти. Ал: "Аллах Таала силерге да садакадай сооптуу иштерди бербеди беле? Ар бир тасби айтканыңар - садага, Ар бир такбир айтканыңар - садага. Ар бир мактоо айтканыңар - садага. Ар бир - тахлил айтканыңар - садага. Жакшылыкка чакырганыңар - садага, жамандыктан тыйганыңар да - садага. Атүгүл, аялдарыңарга жакындык кылганыңар да - садага" - деди. Сахабалар: "Биз кумар каалообузду кандыруу үчүн жакындайбыз го, ошого да сооп жазылабы?" - деп сурашты. Ал: "Эгер бул ишти арам жол менен кылсаңар, ага күнөө жазылат беле? Ошол сыяктуу эле адал жол менен кылганыңар үчүн сооп жазылат" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضل الذكر، الأربعون النووية، صدقة التطوع
Чынчылдыгы тастыкталган Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге минтип айткан: “Силердин энеңердин курсагындагы өрчүүңөр кырк күн (суу абалда) болот. Андан кийин дагы ошончо күн канга айланат. Андан кийин дагы ошончо күн бир тиштем этке айланат. Андан кийин периште жиберилип, ага жан үйлөйт. Ошондой эле (ал периште) төрт нерсени: баланын ырыскысын, ажалын, амалын, бактылуу же бактысыз болорун жазууга буйрулат. Андан башка ибадатка татыктуу кудай болбогон Аллага ант берип айтам, кээ бириң бейишке барчулардын иш-амалын кылып жүрүп, бейишке кирерине бир чыканактай калганда китебинде жазылганы ишке ашат да, тозокко кирчүлөрдүн иш-амалын кылып тозокко кирет. Кээ бириң тозокко кирчүлөрдүн иш-амалын кылып жүрүп, тозокко кирерине бир чыканактай калганда, китебинде жазылганы ишке ашат да бейишке кирчүлөрдүн иш-амалын кылып бейишке кирет”.
Сахих (ишенимдүү) Бухарий жана Муслим риваяты
التصنيف الشرعيالأربعون النووية، الإيمان بالملائكة، الإيمان باليوم الآخر، الإيمان بالقضاء والقدر
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Чындыгында, адал нерселер белгилүү, арам нерселер да белгилүү. Ал эми ал экөөнүн ортосунда көптөгөн адамдар билбеген күмөндүү нерселер бар. Ким ошондой күмөндүү нерселерден сактанса, анда ал динин жана намысын таза сактаптыр. Ким күмөндүү нерселерди кылган болсо, анда ал арамга түшүп калышы мүмкүн. Бул бирөөнүн корук-жайына жакын малын жайып жүргөн чабан сыяктуу. Ал малын карап турбаса, корук-жайга кирип кетүүсү мүмкүн. Ар бир падышанын корук-жайы болот. Аллахтын корук-жайы – Ал арам кылган нерселер. Чындыгында, денеде бир үзүм эт бар, эгерде ал оңолсо, дененин баары оңолот. Эгерде ал бузулса, анда дененин баары бузулат. Мына ошол бир үзүм эт – ал жүрөк».
Сахих (ишенимдүү) Бухарий жана Муслим риваяты
التصنيف الشرعيفضائل أعمال القلوب، الأربعون النووية، تزكية النفوس