Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 7

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

«Тазалык – ыймандын жарымы. Алхамдулиллахи сөзү амал таразаны толтурат. Субхааналлах жана Алхамдулиллах сөздөрү болсо асмандар менен жердин ортосун толтурат. Намаз – нур, садака бул - далил, ал эми сабырдуулук болсо жарыктык. Куран болсо, сенин пайдаңа же сенин зыяныңа күбөө болот. Ар бир инсан күндө өз нафсисин Аллах үчүн же шайтан үчүн сатыкка коёт, анан аны куткарып алат же аны зыянга учуратат».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيوصف القرآن وفضائله، فضائل الأعمال الصالحة، فضل الذكر، الأخلاق الحميدة، فوائد ذكر الله عز وجل، تزكية النفوس، فضل الوضوء، وجوب الصلاة وفضلها وحكم تاركها، صدقة التطوعموضوعات الحديثتلاوة القرآن، الذِّكْر، الصبر، صدقة التطوع، مكانة الصلاة وفضلها
Бир жолу Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мечитте тизилип отурган сахабаларына чыгып: "Эмне кылып отурасыңар?" - деди. "Аллахты зикир кылып, бизди Исламга баштаганына жана аны бизге белек кылганына шүгүр келтирип отурабыз" - дешти. "Ушул үчүн эле отурабыз деп касам ичесиңерби?" - деди. "Аллахка касам ичип айтабыз, ушул үчүн эле отурабыз" - дешти. "Мен силерге ишенбегеним үчүн касам ичтиргеним жок. Бирок мага Жебирейил келип, Аллах Таала периштелерге силерди мактап жатканын айтты" - деди".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضل العلم، فضل الذكر، فوائد ذكر الله عز وجلموضوعات الحديثالذِّكْر، الشكر
«Тазалык – ыймандын жарымы. "Алхамдулиллах" деп айтуу амал таразасын толтурат. "Субхааналлах" жана "Алхамдулиллах" деп айтуу асман менен жердин ортосун толтурат. Намаз – нур, садага - далил, ал эми сабырдуулук -жылуу таптуу нур. Куран - сенин пайдаңа же зыяныңа күбө болот. Ар бир инсан күндө өз напсисин Аллах үчүн же шайтан үчүн сатыкка коёт, анан аны куткарып алат же аны зыянга учуратат».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفوائد ذكر الله عز وجل، الأربعون النووية، تزكية النفوس، فضل الوضوء
«Аллахка эң сүйүктүү төрт сөз: Субханаллах, Алхамдулиллах, Лаа илааха иллаллах жана Аллаху Акбар. Булардын кайсы биринен баштасаң да зыяны жок».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضل الذكر، فوائد ذكر الله عز وجل، الأذكار المطلقةموضوعات الحديثالذِّكْر
"Киши үйүнө киргенде, кирээрде жана тамак ичээрде Аллахтын атын атап эстесе, Шайтан (жан-жөкөрлөрүнө): Силерге мында түнөк да жок, тамак да жок - дейт . А эгер кирип, бирок кирээрде Аллахты эстебесе, шайтан: Түнөктү таптыңар - дейт. А эгер тамактанаарда да Аллахты эстебесе, шайтан: Тамакты да, түнөктү да таптыңар - дейт.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيآداب الأكل والشرب، هدي النبي صلى الله عليه وسلم في الذكر، فوائد ذكر الله عز وجل، أذكار الدخول والخروج من المنزلموضوعات الحديثالذِّكْر، أذكار الليل، آداب الأكل والشرب
Ар бир парз намаздан кийин биринин артынан бири айтыла турган (зикр) сөздөр айтуучуну (сооптон) куру калтырбайт, булар: отуз үч тасбих, отуз үч тахмид, отуз төрт такбир".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضل الذكر، فوائد ذكر الله عز وجل، أذكار الصلاةموضوعات الحديثالذِّكْر
Биз Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанында элек. Ал: «Силердин кимиңер күн сайын миң сооп табуудан алсыздык кылат?» — деп сурады. Анын жанында отургандардын бири: «Кантип биздин бирибиз миң сооп таба алат?» — деп сурады. Ал: «Жүз жолу тасбих айтат, ошондо ага миң жакшылык жазылат же анын миң күнөөсү өчүрүлөт», — деп жооп берди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفوائد ذكر الله عز وجل