Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 4

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

"Ислам беш нерсеге (түркүккө) негизделген : Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын кулу жана элчиси деп күбөлүк берүү, намаз окуу, зекет берүү, (Каабага) ажылык кылуу, Рамазанда орозо кармоо".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيوجوب الصلاة وفضلها وحكم تاركها، وجوب الزكاة وحكم تاركها، وجوب الصيام وحكم تاركه، وجوب الحج والعمرة وحكم تاركهما، الإيمان بالله عز وجل، النبوة والرسالة، الإسلامموضوعات الحديثالحج والعمرة، الزكاة ومكانتها، الصوم الواجب، أهمية التوحيد، مكانة الصلاة وفضلهامحاور التعريف بالإسلامأركان الإسلام
"Чындыгында, силердин бириңер өлгөндө, ага эртең менен жана кечинде өз орду көрсөтүлүп турат. Эгер ал Бейиш элинен болсо, Бейиш элинин орду, ал эми тозок элинен болсо, тозок элинин орду (көрсөтүлөт). Анан ага: кыямат күнү Аллах сени кайра тирилткенге чейин мына ушул сенин ордуң - деп айтылат."
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيأشراط الساعة
"Мен адамдар Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок экенине, Мухаммад Аллахтын элчиси экенине күбөлүк бермейинче, намаз окумайынча, зекет бермейинче алар менен согуша берүүгө буйрулдум. Эгер ушуларды аткарышса, анда менден канын жана малын сактап калышат. Бирок Исламдын акысына тиешелүү иштерде андай эмес, анда алардын эсеби Аллахтын колунда".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالأربعون النووية، الإسلام
«Кимде-ким (мусулман) бир тууганына: «Эй, каапыр», - деп айтса, ал (сөз) экөөнүн бирине кайтат. Эгер ал айткандай болсо, ошол бойдон калат, бирок ал айткандай болбосо, айтканы өзүнө кайтат».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيآداب الكلام والصمت، الإسلام