Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 94

Чыпкаларды алып салуу

Равий

Бардык равийлерди көрсөтүү (44)
"Менин үммөтүмдүн акыркыларынан силер да, силердин атаңар да укпаган нерсени айта турган адамдар чыгат. Андыктан силер да алардан сак болгула".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
Мен: О, Аллахтын элчиси, мага Исламдагы бир сөздү үйрөт, ал жөнүндө сенден башка эч кимден сурабаймын, - дедим. Ал: "Аллахка ыйман келтирдим" дегин, анан түз жүргүн" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жана Ахмад жазып калтырган.
"Силерден мурдагылардын жолун изме-из, карышма-карыш ээрчийсиңер. Атүгүл, алар кескелдириктин ийнине кирсе, силер да аларды ээрчип киресиңер". Биз: О, Аллахтын элчиси, сиз жөөттөр менен христиандарды айтып жатасызбы? - деп сурадык. Ал: "Алардан башка кимди айтмак элем?!" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Мухаммаддын жаны колунда турган Аллахка ант болсун, яхудий болобу, христиан болобу бул үммөттөн ким мен (жөнүндө) угуп, кийин мен жиберилген динге ишенбей өлүп кетсе, тозок ээлеринен болот".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Силерге Дажжалдын мурдагы пайгамбарлар коомуна айтпаган сыпаттарын айтып берейинби?" Анын көзү сокур. Ал бейиш жана тозок сыяктуу нерсени алып жүрөт. Анын бейиш дегени тозок болот. Нух пайгамбар аны айтып коомуна эскерткен сыяктуу мен да силерге эскертемин".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Ислам беш нерсеге (түркүккө) негизделген : Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын кулу жана элчиси деп күбөлүк берүү, намаз окуу, зекет берүү, (Каабага) ажылык кылуу, Рамазанда орозо кармоо".
Сахих (ишенимдүү) Бухарий жана Муслим риваяты
"Жаным Анын колунда турганга (Аллахка) ант ичип айтам, силерге Мариямдын уулу түшүп, адилеттүү өкүмдар болоруна аз калды. Ал крестти сындырат, чочкону өлтүрөт, салыкты (жизя) жок кылат, мал-мүлк аябай көбөйүп, аны эч ким албай калат".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Мен адамдар Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок экенине, Мухаммад Аллахтын элчиси экенине күбөлүк бермейинче, намаз окумайынча, зекет бермейинче алар менен согуша берүүгө буйрулдум. Эгер ушуларды аткарышса, анда менден канын жана малын сактап калышат. Бирок Исламдын акысына тиешелүү иштерде андай эмес, анда алардын эсеби Аллахтын колунда".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)