Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 94

Чыпкаларды алып салуу

Равий

Бардык равийлерди көрсөтүү (44)
"Ит жана сүрөт бар үйгө периштелер кирбейт".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Селердин күйгүзгөн отуңар – тозок отунун жетимиш бөлүгүнүн бири. Анда: «Оо, Аллахтын Элчиси! Бул дүйнөнүн оту болсо да жетиштүү болмок» - деп айтылды. Пайгамбар: «Тозоктун оту бул дүйнөнүн отунан алтымыш тогуз эсе ысык болду. Анын баары бул дүйнөнүн отунун ысыгындай ысык».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Мусулмандын мусулман бир тууганынын алдындагы алты акысы бар». Сахабалар: «Оо, Аллахтын Элчиси! алар кайсылар?»- деп сурашканда, ал минтип жооп берди: «Жолуккан кезде салам бер! Чакырган жерге бар! Насаат сураса ак насаатыңды айт! Чүчкүрүп "Алхамдулиллах" дегенде, "Ярхамукаллах" деп дуба кыл! Ооруп калса зыярат кылып абалын суро жана бул дүйнөдөн өтсө жаназасына катыш!». .
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
Бир киши Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип сурады: «Айтыңызчы, мен парз намаздарын окуп, Рамазан орозосун кармасам, адалды адал деп билип, арамды арам деп билсем жана бул нерселерге эч нерсе кошпосом, анда мен бейишке киреминби?» Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Ооба» - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Улуу Аллах Таала бейиш тургундарына: "Эй, бейиш тургундары!" - деп кайрылат. Алар: "О, Раббибиз, Сенин кызматыңа даярбыз" - дешет. Аллах Таала: "Ыраазы бодуңарбы?" - деп сурайт. Алар: "Биз кантип ыраазы болбойбуз, Сен бизге башка эч бир калайыкка бербеген нерсени бердиң" - дешет. Аллах Таала: "Мен силерге мындан да жакшыны берем" - дейт. Алар: "О, Рабби, мындан да жакшы нерсе болмок беле?"- дешет. Аллах Таала: "Мен силерге ыраазы болдум. Мындан кийин силерге такыр ачууланбаймын" - дейт.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Аллах яхудийлерди жана христиандарды каргыштады, алар өздөрүнүн пайгамбарларынын кабырларын мечит кылып алышкан». Айша энебиз айтты: «Эгер ал (себеп) болбогондо, анын кабыры ачык жерге коюлмак. Бирок аны адамдар сыйына турган мечит кылып алууларынан коркушту».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
“Төмөнкү төрт түрдүү жорук кимде болсо, ал анык эки жүздүү болот. Ал эми кимде бул жоруктардын бири болсо, андан арылмайынча экүү жүздүүлүктүн бир белгиси бар болот. Алар: аманат берилсе, ага кыянаттык кылат; сүйлөсө жалган сүйлөйт; убада берсе, сөзүндө турбайт жана талашып-тартышса, аша чаап кетет”.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Тууралыкка жакындагыла жана ортолукту кармагыла, жана билгиле, силерден эч ким өз амалы менен кутула албайт». Алар: «Оо, Аллахтын Элчиси! Сиз дагыбы?» – дешти. Ал айтты: «Мен дагы. Аллах мени Өзүнүн ырайымы жана пазилетине бөлөсө гана (кутуламын)».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)