Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 3

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

«Улуу жана Кудуреттүү Аллах айтты: Адам баласы заманды (убакытты) сөгүп, Мага ыза жеткирет. А чынында, заман – Менмин, бардык иш Менин колумда, түн менен күндү Мен алмаштырып турам».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Гыйбат эмне экенин билесиңерби?” - деди. Алар: «Аллах жана Анын Элчиси жакшы билет» - дешти. Ал айтты: «Бир тууганыңды ал жактырбаган жагын айтууң» - деди. Ага: «Билесиңби, менин бир тууганымда менин айтканым бар болсочу?» - деп айтылганда Пайгамбар: «Эгер айтканың бар болсо, анда сен аны гыйбат кылган болосуң. Эгер болбосо, анда ага жалаа жапкан болосун» - деп айтты.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Мусулман адам - башка мусулмандар анын колунан жана тилинен зыян тартпаган адам. Мухажир адам - Аллах тыюу салган нерселерди таштаган адам".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)