Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 2

Чыпкаларды алып салуу
"Силердин бириңер олтурушка келсе салам берсин, ал эми туруп кетүүнү кааласа дагы салам берсин. Биринчи салам кийинки саламдан акылуурак эмес."
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ахмад да жазып калтырган.
التصنيف الشرعيآداب السلام والاستئذان
Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир адам келип: "Ассаламу алейкум", - деди. Пайгамбарыбыз ага алик алды, андан кийин ал адам олтурду. Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Он», - деди. Андан кийин башка бирөө келип: "Ассаламу алейкум уа рахматуллох", - деди. Пайгамбарыбыз ага алик алып, ал олтурду. Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Жыйырма», - деди. Андан соң дагы бирөө келип: "Ассаламу алейкум уа рахматуллохи уа баракатух", - деди. Пайгамбарыбыз ага алик алып, ал олтурду. Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Отуз», - деди.
Хасан (жакшы) Абу Дауд, Тирмизи, Ахмад жана Дарими риваят кылган
التصنيف الشرعيآداب السلام والاستئذان