Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 66

Чыпкаларды алып салуу
Мен: О, Аллахтын элчиси, мага Исламдагы бир сөздү үйрөт, ал жөнүндө сенден башка эч кимден сурабаймын, - дедим. Ал: "Аллахка ыйман келтирдим" дегин, анан түз жүргүн" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жана Ахмад жазып калтырган.
«Аллахтын мүлкүн адилетсиздик менен иштеткен эркектер, алар Кыямат күнү тозокто болушат».
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
“Чынында иш-аракеттер ниетке жараша болот. Аныгында, ар бир адам ниетиндегисине жетет. Кимдин хижраты (жер которуу) Аллах жана Анын элчиси үчүн болсо, анын хижраты Аллах жана Анын элчиси үчүн болот. Ал эми кимдин хижраты жетчү дүнүйө үчүн, же үйлөнчү аял үчүн болсо, ошол ниетиндегисине хижрат кылган болот”.
Сахих (ишенимдүү) Мухаддистердин эки имамы Абу Абдуллах Мухаммед ибн Исмаил ибн Ибрахим ибн Мугира ибн Бардизба Бухарий жана Абулхусейн Муслим ибн Хажжаж ибн Муслим Кушайрий Найсабурий жазылган китептердин эң ишенимдүүсү болгон «сахих» китептеринде риваят кылышкан.
Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кокустан арамга көз салып алуу тууралуу сурадым. Ал көзүмдү дароо буруп кетүүгө буйруду.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Аллах Таала тыйган бул жаман, жийиркеничтүү иштен алыс болгула! Ким буга кабылса, Аллах жашыргандай жашырсын жана тообо кылууга шашылсын. Анткени, ким бизге күнөөсүн ачып берсе, ага Аллахтын китеби менен өкүм, жаза тургузабыз".
Сахих (ишенимдүү) Хааким жана Байхакий риваят кылган
"Чынында, дүйнө - таттуу, көрүмдүү. Аллах Таала анда силерди бириңердин артынан бириңерди келтирип турат. Анан кандай иш-амал кылганыңарга карайт. Дүйнөдөн сак болгула жана аялдардан сак болгула . Анткени Исраил урпактарында алгачкы фитна-бүлгүн аялдардан болгон".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Мен өткөндөн кийин эркектерге аялдардан өткөн фитна-азгырык болбойт".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарды бейишке эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда, ал: «Аллахка такыбалык кылуу жана жакшы адеп-ахлак» - деп айтты. Андан кийин адамдарды тозокко эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда: «Ооз жана жыныстык мүчө» - деп жооп берди.
Хасан Сахих (жакшы, ишенимдүү хадис). Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.