Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 113

Чыпкаларды алып салуу

Равий

Бардык равийлерди көрсөтүү (54)
«Кимде-ким мага эки жаагы менен эки бутунун ортосундагы (мүчөлөрүн күнөөлөрдөн) сактаймын деп кепилдик берсе, анда мен анын Бейишке кирүүсүнө кепилдик беремин».
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
"Момундун ишине таң каламын. Анын бардык иши жакшылык. Мындай момун үчүн гана болот. Эгер ага кубаныч болсо, ага шүгүр кылат. Бул ал үчүн жакшы. Эгер ага зыян болсо, ага сабыр кылат. Бул да ал үчүн жакшы».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Кайсы бир киши күнөө кылып, кийин туруп тазаланып (даарат алып), анан намаз окуса, анан Аллахтан (күнөөсүнө) кечирим тилесе, Аллах аны кечирет ". Андан кийин бул аятты окуду: "(Ал такыбалар) кокус ыплас иш кылып алса, же (күнөө менен) өзүнө зулум кылса, дароо Аллахты эстеп, күнөөсүнө кечирим тилейт..." (Аалу Имран, 135-аят).
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ибн Маажа менен Ахмад да жазып калтырган.
Аллахтын элчисине кулдар алынып келгенин угуп Фатима жаргылчак тарткандан кабарып кеткен колун көрсөтүп, арызданып кызматчы сурамакчы болуп барат. Фатима барса Пайгамбарыбыз жок болот. Анан келген максатын Айшага айтып кайра кетет. Аллахтын элчиси келгенде Айша ага Фатиманын келгенин айтат. Али айтат: Биз эми уйкуга жатканыбызда, Аллахтын элчиси келип калды. Ордубуздан турмакчы болсок, ал: "Ордуңарда жата бергиле" - деди. Анан Фатима экөөбүздүн ортобузга келип отурду. Жакын отургандыктан, тамандарынын суугу ичиме билинип турду. Анан: " Силер сураганга караганда жакшыраак нерсени айтайынбы? Уйкуга жатарыңарда отуз үч жолу тасбих, отуз үч жолу тамхид, отуз төрт жолу такбир айткыла. Бул силер үчүн кызматчыга караганда жакшырак" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Чындыгында, Аллахтын Пайгамбары (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кыйынчылык учурунда мындай деп айтчу: "Лаа илааха иллаллаахул-’Азиимул-Халиим, лаа илааха иллаллааху Раббул-’Аршил-’азиим, лаа илааха иллаллааху Раббус-самаауаати уа Раббул-арды уа Раббул-’Аршил-кариим"».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Шамалды сөкпөгүлө! Эгер силерге жакпаган бир нерсени (катуу сокконун) көрсөңөр, анда мындай деп айткыла: "Оо, Аллахым! Биз Сенден бул шамалдын жакшылыгын, андагы жакшылыкты жана ага буюрулган нерсенин жакшылыгын сурайбыз. Ошондой эле Сенден бул шамалдын жамандыгынан, андагы жамандыктан жана ага буюрулган нерсенин жамандыгынан пана (коргоо) тилейбиз"».
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жазып калтырган.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эртең менен да кечинде да бул дубаны калтырбай, дайыма айтчу: "Аллахым, Сенден дүйнө жана акыреттин амандыгын (жакшылыгын) сураймын. Аллахым, Сенден динимде, дүйнө жашоомдо, үй-бүлөмдө жана мал-мүлкүмдө кечирим жана амандык (жакшылык) сураймын. Аллахым, менин кемчилик-айыбымды (бардык айып-кемчилигимди) жашыр жана жүрөгүмдү тынч кыл. Аллахым, мени бет алдымдан келүүчү, артымдан келүүчү, оң жак, сол жагымдан келүүчү, үстүмдөн келүүчү жамандыктардан сакта. Мен Сенин улуулугуң менен астымдан келе турган жамандыктан (кайдыгер өлүмдөн) сактанам".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
"Истигфардын төрөсү мындай: Аллахым, Сен менин - Раббимсиң, Сенден башка ибадатка татыктуу кудай жок. Сен мени жараттың, мен Сенин кулуңмун. Мен чолом жетишинче Сага берген убада, шартымды сактаймын. Жасаган иштеримдин жамандыгынан сактоону Сенден суранам. Мага берген нээмат-жакшылыктарыңды жана күнөөлөрүмдү мойнума алам. Мени кечир, Сенден башка күнөөлөрдү кечирүүчү эч ким жок». Анан мындай деди: "Кимде-ким эртең менен бул сөздөрдү чын жүрөгүнөн айтса, анан ошол күнү кечке чейин каза болсо, ал бейиштин тургундарынан. Ал эми ким бул сөздөрдү кечинде чын жүрөгүнөн айтса жана таң атканга чейин каза болсо, ал бейиштин тургундарынан".
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.