Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 48

Чыпкаларды алып салуу
"Ыймандуулардын ыйманы толугу - кулк-мүнөзү жакшысы. Силердин эң жакшыңар - аялзатына жакшы мамиле кылганыңар".
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарды бейишке эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда, ал: «Аллахка такыбалык кылуу жана жакшы адеп-ахлак» - деп айтты. Андан кийин адамдарды тозокко эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда: «Ооз жана жыныстык мүчө» - деп жооп берди.
Хасан Сахих (жакшы, ишенимдүү хадис). Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
"Мен Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен чогуу отурган элем. Ал кезде эки киши бири-бирин тилдеп жатышкан эле. Алардын биринин жүзү кызарып, моюн тамырлары көөп чыкты. Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Чындыгында, мен бир сөздү билем, эгерде ал ошону айтса, анда ал сезип жаткан нерсеси андан кетер эле. Эгерде ал: «Аьузу биллаахи минаш-шайтоон», — деп айтса, ал сезип жаткан нерсе андан кетет». Ошондо алар (тегерегиндеги адамдар) ага: "Чындыгында, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сени шайтандын азгырыгынан Аллахтан коргоо сурасын деп жатат" — дешти. Ошондо ал: "Эмне мага жин тийиптирби?!" — деп берди."
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Силердин эч кимиңер өзүнө жакшы көргөн нерсени диндеш боордошу үчүн да жакшы көрмөйүнчө ыйманы толук болбойт".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Биз Умардын жанында болчубуз, ал: "Биз өзүнө оорлотуудан тыйылганбыз" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
"Чынында Аллах Таала заалымга убакыт берет, анан аны кармаганда такыр коё бербейт ". Анан бул аятты окуду: "Раббиң шаарларды азабына алганда мына ушундай азаптайт. Алар заалым болчу. Анын азабы чынында оорутуучу, катуу" (Худ: 102-аят).
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Зулумдуктан сактангыла! Себеби зулумдук - кыяматтагы караңгылык. Ач көздүктөн сактангыла! Анткени, силерден мурдагылар ач көздүктүн айынан кыйроого учураган. Ач көздүк аларды кан төгүүгө, арамды адал кылууга түрткөн".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Силерге чоң күнөөлөрдүн эң оору жөнүндө кабар берейинби?"- деп үч жолу айтты. Ошондо сахабалар: "Ооба, оо, Аллахтын Элчиси!" - дешти. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Аллахка шерик кошуу жана ата-энени нараазы кылуу". Ошондо Пайгамбар жөлөнүп жаткан жеринен отура калып: "Жалган күбөлүк берүү!" - деп кайра-кайра айтып, биз: "Токтотсо экен" дегенге чейин кайталай берди".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)