Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 7

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Бир күнү Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) туруп, бизге аябай жеткиликтүү насаат айтты. Андан жүрөктөр титиреп, көздөр жашылданды. О, Аллахтын элчиси, бизге коштошуп жаткандай насаат айттың, эми бизге бир келишимди (дайыма аткарып жүрүү үчүн) осуят кыл - дешти. Ал мындай деди: " Аллахтан корккула! Башчыңар хабаший (ынды кара) кул болсо да аны уккула жана моюн сунгула! Менден кийин көптөгөн карама-карышылыктарды көрөсүңөр. Ошондо менин жана менин туура жол көрсөтүүчү халифтеримдин сүннөт жолун бекем кармагыла! Ага азууңар менен жармашкыла! Жаңы пайда болгон иштерден сак болгула! Анткени, бардык жаңы иштер адашуу".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
«Бир кишиге менин бир хадисим жетсе, ал сөөрүсүндө жөлөнүп отуруп алып: «Силер менен биздин ортобузда Аллахтын Китеби бар. Андан адал деп тапканыбызды адал кылабыз, арам деп тапканыбызды арам кылабыз. Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) арам кылган нерсени Аллах арам кылган» - деп айтуусуна жакын калбадыбы?!.
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ибн Маажа жазып калтырган.
"Кимде-ким бир хадистин жалган экенин билип туруп аны мени айткан деп таратса, ал жалганчылардын бири болот".
Сахих (ишенимдүү) Муслим өзүнүн кириш сөзүндө риваят кылган.
"Силерге Аллахка такыба болууну осуят кылам. Эгер силерге кул киши башчылык кылса да аны уккула жана укканыңарды аткаргыла. Мен өтүп кеткенден кийин көбүрөөк жашаганыңар өтө көп карама-каршылыктарды көрөсүңөр. Менин жана туура жолго баштаган халифаларымдын сүннөт-жолун кармангыла . Бул сүннөт-жолго азуу тишиңер менен тиштеп жармашкыла. Жаңыдан пайда болгон иштерден сак болгула! Анткени жаңыдан пайда болгон бидааттын баары - адашуу".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд жана ат-Тирмизи жазып калтырган.
"Менин үммөтүмдүн акыркыларынан силер да, силердин атаңар да укпаган нерсени айта турган адамдар чыгат. Андыктан силер да алардан сак болгула".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Ким менин атымдан атайын жалган сүйлөсө - өзүнө тозоктон орун камдай берсин".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Менден бир аят болсо да жеткиргиле. Бану-Исраилдин окуяларын айта бергиле, анда эч кандай күнөө жок. Ким менин атымдан атайылап жалган айтса, анда тозоктон жайын даярдай берсин».
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.