Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 2

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Акаба күнү эртең менен төөсүнө минип бара жатып Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Мага таш алып берчи" - деди. Мен ага манжалары менен ыргыта тургандай жети таш алып бердим. Ал таштарды алаканына салып: "Ушундай (кичинекей) таштар менен (шайтанды) аткыла"- деди. Анан: "Эй, адамдар, динде аша чаап кетүүдөн сактангыла. Анткени, силерден мурдагылар динде аша чапканы үчүн кыйрап жок болгон" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Ибн Маажа, ан-Насааи жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيصفة الحج، الغلو والتطرفموضوعات الحديثصفة الحج
"Ажылык менен умраны биринин артынан бирин аткаргыла. Анткени ал экөө көөрүк темирдин, алтындын жана күмүштүн датын кетиргендей, жакырчылыкты жана күнөөнү кетирет. Кабыл болгон ажылыктын сыйлыгы - бейиш гана болот."
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи, ан-Насаи жана Ахмад риваят кылган.
التصنيف الشرعيفضل الحج والعمرة