Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 66

Чыпкаларды алып салуу
"Эй, Билал, намазга чакыр жана намаз менен бизди эс алдыр".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд жазып калтырган.
"Эгерде силердин бирөөңөр мечитке кирсе, анда ал: "Аллахум-мафтах ли абвааба рахматик. (Оо, Аллах! Мага ырайымыңдын эшиктерин ач)" - деп айтсын. Ал эми мечиттен чыкканда: "Аллахумма инни ас алука мин фадлик. (Оо, Аллах! Мен Сенин жакшылыгыңдан сураймын)" - деп айтсын".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Ким бир намазды унутса, аны эстегенде окусун. Ага андан башка каффарат (8) жок. Аллах таала айтты: "Мени эстөө үчүн намаз оку" [Таха: 14]".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Кимде-ким жума күнү жунуптуктан жуунгандай жуунуп, анан эртелеп мечитке барса, төөнү курмандыкка чалгандай сооп алат. Андан кийинки убакта барган адам уйду курмандыкка чалгандай сооп алат. Андан кийинки убакта барган адам мүйүздүү кочкорду курмандыкка чалгандай сооп алат. Андан кийинки убакта барган адам тоокту садака кылгандай сооп алат. Андан кийинки убакта барган адам жумуртканы садака кылгандай сооп алат. Имам кутпа айтуу үчүн минбарга чыкканда периштелер зикирди угуу үчүн чогулат".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Үч түрдүү адамдан калем көтөрүлгөн (б.а. күнөө жазылбайт): уктап жаткан киши ойгонгонго чейин. Жаш бала балакат курагына жеткенге чейин. Акылынан айныган адам акылына келгенге чейин".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ибн Маажа менен Ахмад да жазып калтырган.
"Жети мүчөмдү жерге тийгизип сажда кылууга : Бешене, анан колу менен мурдун көрсөтүп ишаара кылды, эки кол, эки тизе жана эки буттун учу. Ошондой эле кийимди кымтыланбоого жана чачты байлап албоого буйрулдум".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Бардык эки азандын ортосунда намаз бар. Бардык эки азандын ортосунда намаз бар". Анан: "Каалагандар үчүн" - деп кошумчалаган.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"«Жамаат менен окулган намаз силерден бирөөңөрдүн жалгыз окуган намазынан жыйырма беш эсеге артык жана багымдат намазында түнкү периштелер жана күндүзгү периштелер чогулушат». Андан кийин Абу Хурайра айттй: Эгер кааласаңар: «Чынында, таңдын намазы күбө болунган (намаз)». - деп окугула [Исра сүрөсү, 78-аят]."
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)