Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 66

Чыпкаларды алып салуу
Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактооосу болсун) сокур адам келип: "О, Аллахтын элчиси, мени мечитке жетелеп келе турган адам жок болуп жатат" - деп Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага намазды үйүндө окууга уруксат сурады. Ага уруксат берди. Ал кайрылып кетип бара жатканда, кайра чакырып: "Намазга айтылган азанды угасыңбы?" - деп сурады. "Ооба" - деди тиги киши. "Анда ага жооп бер" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазды баштаганда эки колун эки ийининин тушуна чейин көтөрчү. Рүкү кылуу үчүн такбир айтканда, рүкүдөн башын өйдө кылганда эки колун ошондой көтөрчү. Анан: "Самиъа Аллаху лиман хамидах, роббанаа лакал хамду" деп айтчу. Саждада мындай кылчу эмес.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Чындыгында, биз менен алардын ортосундагы келишим намаз, ким аны таштаса, каапыр болот".
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
"Балдарыңарды жети жашка чыкканда намаз окууга буйругула, он жашка чыкканда (окубаса, эскертүү үчүн акырын) ургула жана (кыз менен баланын) жаткан орундарын бөлгүлө".
Хасан (жакшы) Абу Дауд жазып калтырган.
"Тамак келгенде намаз болбойт жана эки нажас келип калган абалда туруп да намаз окулбайт".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир күнү биз менен багымдат намазын окуп, анан: "Баланча намазга келдиби?" - деп сурады. Сахабалар: "Жок, келбеди" - дешти. Ал: "Баланча келдиби?" - деп сурады. Сахабалар: "Жок, келбеди" - дешти. Ошондо ал: "Ушул эки намаз мунафыктар үчүн өтө оор намаздар. Бул эки намаз үчүн бериле турган сооп-сыйлыкты билгениңерде, төрт буттап жөрмөлөп болсо да келет элеңер . Биринчи сап периштелердин сабы сыяктуу. Эгер биринчи саптын артыкчылыгын билгениңерде, ага жарышып келмексиңер. Чынында, адамдын бирөө менен окуган намазы анын жалгыз окуган намазына караганда жакшы. Эки адам менен окуган намазы бир адам менен окуган намазына караганда жакшы. Намазда кишинин саны канча көп болсо, Аллахка ошончо жагымдуу болот".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ан-Насаи жана Ахмад риваят кылган.
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) рүкүдөн далысын көтөргөндө: "Самиьаллааху лиман хамидах. Аллахумма Раббанаа лакал хамд, мил ассамааваати, уа мил ал арди, уа мил а маа ши та мин шай ин баьд" - деп айтчу.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизди үч убакта намаз окуудан жана маркумдарыбызды көмүүдөн кайтарган: күн жаркырап чыга баштагандан баштап бир аз көтөрүлгөнгө чейин, чак түш болуп, күн так төбөгө келген учурдан тартып күн чак түштөн оогонго чейин жана күндүн нуру өчүп, батып бара жаткан убактан тартып күн батканга чейин."
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.