Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 64

Чыпкаларды алып салуу
"Адамдардын эң жаманы – өзүнүн намазынан уурдаган адам" - деди. Абу Хурайра айтты: "Намазын кантип уурдай алат?". Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Намазынын рүкүсүн да, саждасын да толук кылбайт".
Сахих (ишенимдүү) Ибн Хаббан жазып калтырган.
«Кимде-ким Кадыр түндү ыйман келтирген абалда жана сооп үмүт кылып (ибадат менен) өткөрсө, анда анын өткөн күнөөлөрү кечирилет».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Менин бул мечитимде окулган намаз, Харам мечитинен башка бардык мечиттерде окулган миң намаздан жакшыраак".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"«Ким азанды укканда: "Аллохумма робба хазихид-даьватит-тааммах, уас-солаатил-коима аати мухаммада-нил васиилата уал-фадыйлата, уаб-'асху макоомам-махмуданил-лази уа-'адтах" - деп айтса, кыямат күнү ага менин шапаатым берилет»". Мааниси: "Оо, Аллах! Оо, ушул кемчиликсиз чакыруунун жана тургузулган намаздын Раббиси! Мухаммадга кыяматта васила (шапаат кылууну) жана артыкчылыкты бер! Аны Өзүң убада кылган даңкталган орунда (шапаат кылуу орунунда) тирилт!"
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге чыкты. Биз: О, Аллахтын элчиси, биз сага кантип салам айтканды үйрөндүк, ал эми салаватты кантип айтабыз? - дедик. Ал: "Аллахумма солли алаа Мухаммад, ва алаа аали Мухаммад. Камаа соллайта алаа Иброхима, ва алаа аали Иброхим. Иннака хамидум-мажиид. Аллахумма баарик алаа Мухаммад, ва алаа аали Мухаммад. Камаа бааракта алаа Иброхима, ва алаа аали Иброхим. Иннака хамидум-мажиид, деп айткыла" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Аллах Таала Өзүнүн көлөкөсүнөн башка эч бир көлөкө болбогон күнү жети адамды Өз көлөкөсүнө алат: Адилеттүү башчы, Аллахка ибадат кылып чоңойгон жаш жигит, жүрөгү мечиттерге байланган адам, Аллах үчүн бирин-бири жакшы көрүп, Аллах үчүн биригип жана Аллах үчүн ажырашкан эки адам, мансаптуу жана сулуу аял өзүнө чакырганда: «Чынында мен Аллахтан корком», - деп айткан адам, оң колу менен берген садакасын сол колу билбей калгыдай даражада жакшылыгын жашырган адам жана жалгыз калганда Аллахты эстеп, көзүнөн жаш төккөн адам».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дуба кылып, минтип айтаар эле: "Аллахым, кабыр азабынан, тозок азабынан, жашоонун жана өлүм фитна-бүлгүнүнөн жана масих Дажжалдын фитна-бүлгүнүнөн сактоону Өзүңдөн суранам ". Муслимдин риваятында: "Акыркы ташаххудду окугандан кийин төрт нерседен сактоону Аллахтан сурангыла: тозоктун азабынан, кабырдын азабынан, жашоонун жана өлүм фитна-бүлгүнүнөн, масих Дажжалдын жамандыгынан" деп келген.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Эркектер үчүн саптардын эң жакшысы - алдыңкылары. Эң жаманы - арткылары. Аялдар үчүн саптардын эң жакшысы - арткылары. Эң жаманы - алдыңкылары".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.