Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 28

Чыпкаларды алып салуу
Мен маази суусу көп аккан киши элем. Анын күйөө баласы болгонум үчүн пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) (бул тууралуу) суроодон уялып жүрдүм. Анан Микдад бин ал-Асвадды сурап келүүгө жибердим. (Сураса), ал: "Аспабын жууп, анан даарат алат" - дептир. Бухариде: "Даарат ал жана аспабыңды жуу" - деп келген.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир жолудан, бир жолудан жууп даарат алды".
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
"Эгерде бирөөңөрдүн идишине ит башын салса, ал идишти жети жолу жууп тазаласын".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Тазалыктан кийин кызгылтым жана саргыч суу келсе, аны айыз деп эсептечү эмеспиз.
Сахих (ишенимдүү) Муну ушул сөздөр менен Абу Дауд риваят кылган, Бухари (тазалыктан кийин) деген кошумчасы жок риваят кылган.
"Силердин бирөөңөр даарат алса, мурдуна суу алып, анан кайра чимкирсин. Аврет жерлерин тазаласа так санда тазаласын . Силерден бирөөңөр уйкудан ойгонуп турганда, даарат алчу сууна кол салбай туруп колун жууп алсын. Анткени, эч кимиңер колу кайда түнөп чыкканын билбейт". Муслимдин риваятында: "Силердин бирөөңөр уйкудан ойгонуп турганда, үч жолу жуумайынча колун идиштеги сууга сала койбосун. Анткени, ал колу кайда түнөгөнүн билбейт".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Силерден бирөөңөр уйкудан турганда мурдун үч жолу кеңилжээрине чейин тазалап жуусун. Анткени шайтан мурундун кеңилжээринде түнөйт".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Кимде-ким жума күнү жунуптуктан жуунгандай жуунуп, анан эртелеп мечитке барса, төөнү курмандыкка чалгандай сооп алат. Андан кийинки убакта барган адам уйду курмандыкка чалгандай сооп алат. Андан кийинки убакта барган адам мүйүздүү кочкорду курмандыкка чалгандай сооп алат. Андан кийинки убакта барган адам тоокту садака кылгандай сооп алат. Андан кийинки убакта барган адам жумуртканы садака кылгандай сооп алат. Имам кутпа айтуу үчүн минбарга чыкканда периштелер зикирди угуу үчүн чогулат".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Ар бир мусулман жети күндө бир жуунууга милдеттүү, ошол күндөрдө башын жана денесин жууйт".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)