Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 3

Чыпкаларды алып салуу
"Эгерде адамдарга доомат артканы бериле берсе, анда адамдар башкалардын мал-мүлк, кан-жанын доомат менен талап кыла бермек. Андыктан доомат кылган киши күбө-далил алып келиши керек. Ал эми дооматты четке каккан киши касам ичсе жетиштүү".
Сахих (ишенимдүү) Байхакий риваят кылган.
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) каалаган өкүмгө жетүү максатында пара берүүчүгө жана пара алуучуга каргыш айтты.
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
"Кимде-ким мусулман адамдын мал-мүлкүн тартып алуу үчүн жалган ант берсе, Аллахка ал Аллах ага ачууланган абалда жолугат." Ал-Ашас айтты: Аллахка ант, бул мен жөнүндө болгон. Мени менен бир Яхудийдин ортосунда жер бар эле, ал менин акымды танып койду. Анан мен аны Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алып бардым. Ошондо Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мага: "Сенин далилиң барбы?" - деди. Мен: Жок, - дедим. Ал Яхудийге: "Ант ич", - деди. Мен: Оо, Аллахтын элчиси, анда ал ант ичип, менин мал-мүлкүмдү алып кетет да", - дедим. Ошондо Аллах Таала: «Ал эми, Аллахка берген убадаларын жана анттарын арзыбаган баага сатып жиберген кишилер....» (Алу Имран сүрөсү, 77-аят) - деген аятты аягына чейин түшүрдү.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)