Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 2

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

"Чындыгында, Аллах силер үчүн үч нерсеге ыраазы болот жана силер үчүн үч нерсени жек көрөт. Ал силердин буларды аткарууңарга ыраазы болот: Ага эч нерсени шерик кылбай ибадат кылууңарга жана бардыгыңар Аллахтын жибин бекем кармап, бөлүнүп кетпөөңөргө. Ошондой эле силер үчүн буларды жек көрөт: Имиш-имиш сөздөрдү, көп суроо берүүнү жана мал-мүлктү туура эмес иштетүүнү."
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالمجتمع المسلم، توحيد الألوهية
"Эки түрдүү адамдар тозоктун тургундары болот, бирок мен аларды көрө элекмин. Биринчиси, колунда уйдун куйругундай чубалган камчысы бар, аны менен адамдарды сабаган коом. Экинчиси, кийимчен жылаңач, эркектерди өздөрүнө тарткан жана башкаларды да ушундай болууга кызыктырган, башына түйгөн чачтары төөнүн өркөчүндөй чайпалган аялдар. Мына ушулар бейишке кирбейт жана бейиштин жытын да жыттабайт. Ал эми бейиштин жыты канча-канча аралыкка буркурап турат".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعياللباس والزينة، صفات الجنة والنار، حجاب المرأة المسلمة، دلائل النبوة، أشراط الساعةموضوعات الحديثالتبرج، الظلم، أشراط الساعة