Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 14

Чыпкаларды алып салуу
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахты бардык абалында эстеп зикир кылат эле.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
Абу Талибге өлүм сааты келгенде, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага кирди. Анын жанында Абу Жахл менен Абдуллах бин Абу Умая бин Мугира бар экен. Анан ага: "О, агам, "Лаа илааха иллаллооху" деген сөздү айтыңыз, Аллахтын алдында сен үчүн буга күбө өтөмүн" - деди. Абу Жахл менен Абдуллах бин Абу Умая болсо: Абдулмутталибдин дининен чанып кетесиңби?! - деди Абу Талибге. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага сунуш кылган сайын, тигилер да айтканын кайталай беришти. Ошентип Абу Талиб акыркы сөзүндө: Абдулмутталибдин дининдемин деп, жан берди. "Лаа илааха иллаллоху" деп айтуудан баш тартты. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Аллахка ант болсун, Аллах тыймайынча сага кечирим тилей беремин" - деди. Ошондо Аллах Таала: "Пайгамбарга да, ыймандууларга да мушриктерге кечирим тилөө мүмкүн эмес" (Тобо, 113-аят) деген аятты түшүрдү. Ал эми Абу Талиб тууралуу: "Чынында, сен өзүң каалаган адамды туура жолго сала албайсың, бирок Аллах гана кимди кааласа туура жолго салат" деген аятты түшүрдү (Касас, 56-аят).
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Худайбияда курмандык малын союп, Мединага кайтып келе жатканда, сахабалар кайгыга жана капалыкка батып турган кезде Аллах Тааланын: «(Оо, Мухаммад), Чынында, Биз сага анык жеңиш бердик. дегенден баштап, «чоң жеңиш», (Фатх сүрөсү, 1-5-аяттар) - деген сөзүнө чейинки аяттар түшкөндө, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Чынында, мага бир аят түшүрүлдү, ал мага бүткүл дүйнөдөн да сүйүктүүрөөк."
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Ким түнү Бакара сүрөсүнүн акыркы эки аятын окуса, ага жетиштүү болот".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Мага ушундай аяттар түшүрүлдү, буга чейин аларга окшошу эч көрүлгөн эмес, (алар) муавизатайн (коргонуу сурала турган эки сүрөө)».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Жөөттөр - алар каарга калган, христиандар болсо - адашкан".
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жазып калтырган.