عربي - Arabic English Qafár af - Afar Afrikaans - Afrikanns Akan Shqip - Albanian አማርኛ - Amharic Հայերեն - Armenian অসমীয়া - Assamese Azərbaycanca - Azerbaijani Bamanankan - Bambara Bassa Bemba বাংলা - Bengali Bosanski - Bosnian Български - Bulgarian မြန်မာဘာသာ - Burmese Bisaya - Cebuano Cham Нохчий - Chechen chiCheŵa - Chewa 中文 - Chinese Адыгэбзэ - Circassian Hrvatski - Croatian Česky - Czech Dagbani Dansk - Danish فارسی دری - Dari Dendi ދިވެހި ބަސް - Dhivehi Nederlands - Dutch إستوني - Estonian Suomi - Finnish Français - French Fulfulde - Fula ქართული - Georgian Deutsch - German Ελληνικά - Greek ગુજરાતી - Gujrati Kreyòl ayisyen - Haitian Creole Hausa हिन्दी - Hindi Magyar - Hungarian Igbo Indonesia - Indonesian Italiano - Italian 日本語 - Japanese Jóola - Jola ಕನ್ನಡ - Kannada Қазақша - Kazakh ភាសាខ្មែរ - Khmer Kikuyu Ikinyarwanda - Kinyarwanda Ikirundi - Kirundi 한국어 - Korean كوردی سۆرانی - kurdish كوردي kurmancî - Kurmanji Kyrgyz ລາວ - Lao latviešu - Latvian Lingala lietuvių - Lithuanian Luganda Македонски - Macedonian Maguindanaon Malagasy - Malagasy Bahasa Melayu - Malay മലയാളം - Malayalam Mandinka मराठी - Marathi Mõõré - Moore नेपाली - Nepali أنكو - NKo Norwegian ଓଡ଼ିଆ - Odia oromoo - Oromo پښتو - Pashto فارسی - Persian Polski - Polish Portuguese ਪੰਜਾਬੀ - Punjabi Română - Romanian Русский - Russian Српски - Serbian Shona සිංහල - Sinhala Slovenščina - Slovenian Soomaaliga - Somali Soninke Sesotho - Sotho Español - Spanish Kiswahili - Swahili Svenska - Swedish Tagalog Тоҷикӣ - Tajik தமிழ் - Tamil తెలుగు - Telugu ไทย - Thai ትግረኛ - Tigrinya Türkçe - Turkish Ukrainian اردو - Urdu ئۇيغۇرچە - Uyghur Ўзбек - Uzbek Việt Nam - Vietnamese Wolof Yao Yorùbá - Yoruba Zarma زولو - Zulu
545 Хадистер
Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы
Категориялар
Хадистин даражасы
Риваят кылынган булак
Равий
«Күн батыштан чыкмайынча, Кыямат болбойт. Качан күн батыштан чыкканда аны адамдар көрүшүп баары ыйман келтиришет. Мына ошол ушул аятта айтылган убакыт: «Эгерде мурда ыйман келтирбеген болсо же ыйманы менен жакшылык таппаса, анда ал кезде анын ыйман келтиргени ага пайда бербейт». (Анаам, 158)
Кыямат келгенде эки адам кийимдерин сатууга коюшат, бирок алар аны сата албай калышат жана кайра бүктөп ала алышпайт. Кыямат келгенде бир адам төөнүн сүтүн саап келет, бирок иче албай калат. Кыямат келгенде бир адам суу куйганы чуңкурун жасап чыгат, бирок ага суу толтура албай калат. Кыямат келгенде силерден бирөө тамагын оозуна алып барат, бирок аны жей албай калат».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Өлүм ала түстүү кочкордун кейпиндей болуп алып келинет. Ошондо бир чакыруучу: «Эй, бейиш ээлери» - деп чакырат. Алар баштарын көтөрүп карап калышат. Ошондо ал: «Силер муну билесиңерби?» - дейт. Алар: «Ооба, бул өлүм» - дешет, аны баары көрүшөт. Анан ал: «Эй, тозок ээлери» - деп чакырат. Алар баары баштарын көтөрүп карашат. Ал: «Силер муну тааныйсыңарбы?» дейт. Алар: «Ооба, бул өлүм» - дешет, аны баары көрүшөт. Ошондо аны союп: «Эй, бейиш ээлери! Түбөлүккө каласыңар, өлүм жок» – деп айтат. Эй, тозок ээлери! Түбөлүккө каласыңар, өлүм жок» - деп бул аятты окуду: «Аларды зыянга учураган күн менен эскерткин. Алар капылет абалда болгон учурда Кыямат болот». (Мариям: 39)
Дүйнө ээлери алар ушундай капылетте болушат. «Алар ыйман келтиришпейт» - деген аятты окуду.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар күнү түнү уктаганда эки колун бириктирип, анан аларга үйлөп: «Айткын! Ал Аллах жалгыз» деп башталган Ихлас сүрөөсүн, «Айткын! Таңдын Раббиси менен коргоном» деп башталган Фалак сүрөөсүн жана «Айткын! Адамдардын Раббиси менен коргоном» деп башталган Наас сүрөөсүн окучу. Анан колдору менен башына, жүзүнө жана денесинин алдынан баштап колу жеткен жерге чейин сүртөт эле. Ал муну үч жолу кылчу.
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
"Мен Абу Талханын үйүндө адамдарга ичимдик куюп берип жаткан элем. Ал күнү алардын арагы курмадан жасалган фадих болчу. Ошондо Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир жарчыга буйрук берип, ал: "Көңүл бургула! Чындыгында арак арам кылынды!" - деп жар салды. Анас айтат: Анан Абу Талха мага: "Сыртка чыгып, аны төгүп сал" - деди. Мен сыртка чыгып, аны төгүп салдым эле, ал Мединанын көчөлөрүндө акты. Ошондо айрымдар: "Адамдар ал (арак) курсактарында бар абалында (согушта) өлтүрүлдү го" - дешти эле, Аллах Таала: «Ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылгандар үчүн мурун (арактын) даамын татып койгонунда күнөө жок», - деген аятты түшүргөн (Маида сүрөөсү, 93-аят)."
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Абу Талибге өлүм сааты келгенде, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага кирди. Анын жанында Абу Жахл менен Абдуллах бин Абу Умая бин Мугира бар экен. Анан ага: "О, агам, "Лаа илааха иллаллооху" деген сөздү айтыңыз, Аллахтын алдында сен үчүн буга күбө өтөмүн" - деди. Абу Жахл менен Абдуллах бин Абу Умая болсо: Абдулмутталибдин дининен чанып кетесиңби?! - деди Абу Талибге. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага сунуш кылган сайын, тигилер да айтканын кайталай беришти. Ошентип Абу Талиб акыркы сөзүндө: Абдулмутталибдин дининдемин деп, жан берди. "Лаа илааха иллаллоху" деп айтуудан баш тартты. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Аллахка ант болсун, Аллах тыймайынча сага кечирим тилей беремин" - деди. Ошондо Аллах Таала: "Пайгамбарга да, ыймандууларга да мушриктерге кечирим тилөө мүмкүн эмес" (Тобо, 113-аят) деген аятты түшүрдү. Ал эми Абу Талиб тууралуу: "Чынында, сен өзүң каалаган адамды туура жолго сала албайсың, бирок Аллах гана кимди кааласа туура жолго салат" деген аятты түшүрдү (Касас, 56-аят).
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Ким түнү Бакара сүрөсүнүн акыркы эки аятын окуса, ага жетиштүү болот".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)