Эгерде силерден бирөөңөр мечитке кирсе, алгач Пайгамбарга салам айтсын жана: "Аллахум-мафтах ли абвааба рахматик. (О Аллах! Мага ырайымыңдын эшиктерин ач)" - деп дуба айтсын.
- التصنيف الشرعي
- الفقهالصلاةأحكام المساجد
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
«Эгерде силерден бирөөңөр мечитке кирсе, Пайгамбарга салам айтып, анан: "Аллахум-мафтах ли абвааба рахматик. (О Аллах! Мага ырайымыңдын эшиктерин ач)" - деп айтсын. Ал эми мечиттен чыкканда, Пайгамбарга салам айтып, анан: "Аллахумма'сымнии минаш-шайтоонир-рожиим. (О Аллах! Мени каргышка калган шайтандан сакта)" - деп айтсын». Ал эми Хакимдин риваятында: «Мечиттен чыкканда, пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) салам айтып: "Аллахумма ажирнии минаш-шайтоонир-рожиим. (О Аллах! Мени каргышка калган шайтандан корго)" - десин» деп айтылган.
«إِذَا دَخَلَ أَحَدُكُمْ المَسْجِدَ فَلْيُسَلِّمْ عَلَى النَّبِيِّ وَلْيَقُلْ: اللَّهُمَّ افْتَحْ لِي أَبْوَابَ رَحْمَتِكَ، وَإِذَا خَرَجَ فَلْيُسَلِّمْ عَلَى النَّبِيِّ وَلْيَقُلْ: اللَّهُمَّ اعْصِمْنِي مِنْ الشَّيْطَانِ الرَّجِيمِ»، وَلِلْحَاكِمِ: «وَإِذَا خَرَجَ فَلْيُسَلِّمْ عَلَى النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ وَلْيَقُلْ: اللَّهُمَّ أَجِرْنِي مِنَ الشَّيْطَانِ الرَّجِيمِ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мечитке кирген адамга алгач пайгамбарга "Аллахумма солли ва саллим 'алаа Мухаммад. (Оо, Аллах! Мухаммадга салават жана салам болсун)" - деп салам айтууну, андан соң: "Аллахум-мафтах ли абвааба рахматик. (О Аллах! Мага ырайымыңдын эшиктерин ач)" - деп дуба айтууну үйрөткөн. Ал эми чыкканда пайгамбарыбызга салам айтып, анан: "О Аллах! Мени каргышка калган шайтандан сакта" - деп айтсын. Хакимдин риваятында: "О Аллах! Мени каргышка калган шайтандан корго" - деп айтсын.
Мечитке киргенде жана чыкканда бул дубаны айтуу сооптуу.
Зикир бардык мечиттерде жалпы, атүгүл Харам мечитинде да айтылат.
Кирүү менен ырайымдуулукту, чыгуу менен шайтандан сактоону суроонун өзгөчөлүгү: кирген адам Аллахка жана бейишине жакындата турган нерселер менен алек болот. Ошондуктан ырайымдуулукту айтуу ылайыктуу. Ал эми сыртка чыкканда, дүйнөгө жана андагы алаксытуучу, алек кылуучу нерселерге бет алат. Ошондуктан Аллахтан шайтандан коргоону жана сактоону суроо ылайыктуу.
Сунан Ибн Маажа (1/ 494) (773).
Сунан Ибн Маажа (1/ 494) (773).
Дагы (8)
المستدرك على الصحيحين للحاكم (1/ 325).
شرح أبي داود للعيني (2/ 374).
شرح سنن أبي داود للعباد (66/ 3).
مرشد ذوي الحجا والحاجة إلى سنن ابن ماجه والقول المكتفى على سنن المصطفى (5/ 297).
المستدرك على الصحيحين للحاكم (1/ 325).
شرح أبي داود للعيني (2/ 374).
شرح سنن أبي داود للعباد (66/ 3).
مرشد ذوي الحجا والحاجة إلى سنن ابن ماجه والقول المكتفى على سنن المصطفى (5/ 297).
Китептерде келтирилген
7 Китептер- Куранда жана сүннөттө келген зикр-дубалардан турган мусулмандын коргонуحصن المسلم«Оо, Аллах! Мага ырайымыңдын эшиктерин ач» [41].
- Куранда жана сүннөттө келген зикр-дубалардан турган мусулмандын коргонуحصن المسلم"Аллахуммаф-тах лии абвааба рахматик"
- Куранда жана сүннөттө келген зикр-дубалардан турган мусулмандын коргонуحصن المسلم«Оо, Аллах, мени (мээримиңден) куулган шайтандан сакта» [43].
- Куранда жана сүннөттө келген зикр-дубалардан турган мусулмандын коргонуحصن المسلم"Аллахуммаъ-симни минаш-шайтанир-ражиим"
Дагы (3)
- الذكر والدعاء والعلاج بالرقي من الكتاب والسنة"إذا دخل أحدكم المسجد فليسلم على النبي - صلى الله عليه وسلم - وليقل: اللهم افتح لي أبواب رحمتك، وإذا خرج فليسلم على النبي - صلى الله عليه وسلم - وليقل اللهم اعصمني من الشيطان الرجيم" .
- تحفة الأخيار تحفة الأخيار (ببيان جملة نافعة مما ورد في الكتاب والسنة من الأدعية والأذكار)«إِذَا دَخَلَ أَحَدُكُمُ الْمَسْجِدَ، فَلْيُسَلِّمْ عَلَى النَّبِيِّ ﷺ، وَلْيَقُلْ: اللَّهُمَّ افْتَحْ لِي أَبْوَابَ رَحْمَتِكَ، وَإِذَا خَرَجَ، فَلْيُسَلِّمْ عَلَى النَّبِيِّ ﷺ، وَلْيَقُلْ: اللَّهُمَّ اعْصِمْنِي مِنَ الشَّيْطَانِ الرَّجِيم
- رسالة في الأذكار1«إِذَا دَخَلَ أَحَدُكُمُ المَسْجِدَ فَلْيُسَلِّمْ عَلَى النَّبِيِّ صلى الله عليه وسلم ثُمَّ لْيَقُلْ...». وذَكَرَه.