Skip to content

Чындыгында, мага бир аят түшүрүлдү, ал мага бүткүл дүйнөдөн да сүйүктүүрөөк.

Анас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Худайбияда курмандык малын союп, Мединага кайтып келе жатканда, сахабалар кайгыга жана капалыкка батып турган кезде Аллах Тааланын: «(Оо, Мухаммад), Чынында, Биз сага анык жеңиш бердик. дегенден баштап, «чоң жеңиш», (Фатх сүрөсү, 1-5-аяттар) - деген сөзүнө чейинки аяттар түшкөндө, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Чынында, мага бир аят түшүрүлдү, ал мага бүткүл дүйнөдөн да сүйүктүүрөөк."

لَمَّا نَزَلَتْ: {إِنَّا فَتَحْنَا لَكَ فَتْحًا مُبِينًا لِيَغْفِرَ لَكَ اللهُ} إِلَى قَوْلِهِ {فَوْزًا عَظِيمًا} [الفتح: ١-٥] مَرْجِعَهُ مِنَ الْحُدَيْبِيَةِ، وَهُمْ يُخَالِطُهُمُ الْحُزْنُ وَالْكَآبَةُ، وَقَدْ نَحَرَ الْهَدْيَ بِالْحُدَيْبِيَةِ، فَقَالَ: «لَقَدْ أُنْزِلَتْ عَلَيَّ آيَةٌ هِيَ أَحَبُّ إِلَيَّ مِنَ الدُّنْيَا جَمِيعًا».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Анас ибн Малик (Аллах андан ыраазы болсун) кабарлаган: Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааланын сөзү түшкөндө: «(Оо, Мухаммад), Чынында, Биз сага анык жеңиш бердик. (1) Аллах сенин өткөндөгү жана келерки (бардык) күнөөлөрүңдү кечирип, жакшылыгын толук-кемчилдиксиз берип, туура жолго башташы үчүн. (2) Жана Аллах сага чоң жардам бериши үчүн. (3) (Аллах) момундардын ыймандарынын үстүнө (дагы) ыйманды көбөйтүп бериши үчүн момундардын жүрөгүнө бейпилдик түшүрдү. Асмандар менен жердин (бардык) аскерлери Аллахтын колунда. Аллах Билүүчү, Даанышман. (4) Момун эркектерди жана момун аялдарды (сыноодон өткөргөндөн соң) түбүнөн дарыялар агып турган жана анда түбөлүк кала турган бейиштерге киргизүү үчүн. Жана алардын күнөөлөрүн өчүрүш үчүн. Бул нерсе Аллахтын алдында чоң жеңиш! (5)» (Ал-Фатх сүрөсү, 1-5-аяттар). Ал Худайбиядан кайтып келе жаткан учурда, сахабаларды кайгы-капа чулгап турган эле. Түзүлгөн келишимдин себебинен алардын умра кылуусуна тоскоолдук кылынып, алар муну мусулмандардын пайдасына эмес деп ойлошкон. Ошондой эле алар курмандык малдарын Худайбияда союшкан болчу. Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: "Чынында, мага бир аят түшүрүлдү, ал мага бүткүл дүйнөдөн да сүйүктүүрөөк" – деп, андан соң аны окуду.

Хадистин пайдалары

Аллах Таала Өз пайгамбары Мухаммадка (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Худайбия тынчтык келишими аркылуу тартуулаган улуу жеңиш, жакшылыгынын улуктугун баяндоо. Анда Ал ага кайрылып: «Биз сага анык жеңиш бердик» - деп, эки аятта айткан.

Сахабалар (Аллах алардан ыраазы болсун) Анын буйругуна моюн сунуп жана баш ийишкенде, Аллах Таала алар үчүн Өзүнүн төмөнкү сөзүн: «Момун эркектерди жана момун аялдарды түбүнөн дарыялар агып турган жана анда түбөлүк кала турган бейиштерге киргизүү үчүн», - деген аятын түшүрүү менен аларга кылган жакшылыгын баяндоо.

Аллахтын Өз пайгамбарына жана ыймандууларга жеңиш жана багындыруу убадасын берүүсү менен болгон артыкчылыгын баяндоо.

Саади бул аяттын тафсиринде мындай деген: "«Биз сага анык жеңиш бердик». Бул эскерилген жеңиш – Худайбия келишими. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Меккеге умра кылуу максатында келгенде мушриктер анын жолун тосуп калышкан. Узун окуяда баяндалгандай, анын акырында Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алар менен ортодогу согушту он жылга токтотуу, кийинки жылы умра кылуу, ошондой эле ким Курайштын келишимине жана союзуна кирүүнү кааласа – ага кирүүсү, ал эми ким Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келишимине жана союзуна кирүүнү кааласа – ага кирүүсү боюнча тынчтык келишимин түзгөн. Ошонун себебинен адамдар бири-биринен коопсуздукта (бейпилдикте) болгон кезде, Улуу жана Кудуреттүү Аллахтын динине чакыруу чөйрөсү кеңейди. Ошол аймактардын кайсы гана жеринде болбосун, ар бир ыймандуу адам үчүн буга мүмкүнчүлүк жаралды жана Исламдын акыйкатын билүүгө ынтызар болгондор үчүн жол ачылды. Ошентип, ошол мезгилде адамдар Аллахтын динине топ-тобу менен киришти. Ошондуктан Аллах муну жеңиш деп атады жана аны анык, б.а. ачык-айкын жеңиш деп сыпаттады. Анткени мушриктердин шаарларын багындыруудан көздөлгөн максат – Аллахтын динин улук кылуу жана мусулмандардын жеңишке жетүүсү эле. Бул нерсе дал ушул жеңиш аркылуу ишке ашты."

Булактар

Сахих Муслим (3/ 1413) (1786).

Дагы (2)

تفسير القرطبي (16/ 259-265).

البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (31/ 234).