Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 12

Чыпкаларды алып салуу
"Кимде төмөнкү төрт сыпат болсо, ал анык мунапык болот. Эгер булардын бири болсо, анда мунапыктыктын белгиси болот: сүйлөгөндө жалган сүйлөсө, убадасын аткарбаса, талашса чектен чыгып кетсе, келишимди (кыянаттык менен) бузса".
Сахих (ишенимдүү) Бухарий жана Муслим риваяты
«Шайтан силердин бириңерге келип: «Баланчаны ким жаратты? Муну ким жаратты?» - деген ойлорду салат. Акырында: «Раббиңди ким жаратты?» - деген азгырык суроо салат. Эгерде кимдир бирөөгө мындай азгырык ойлор келсе, анда ал Аллахтан коргоо сурасын жана андай ойлонуусун токтосун».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Ислам беш нерсеге (түркүккө) негизделген : Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын кулу жана элчиси деп күбөлүк берүү, намаз окуу, зекет берүү, (Каабага) ажылык кылуу, Рамазанда орозо кармоо".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
“Төмөнкү төрт түрдүү жорук кимде болсо, ал анык эки жүздүү болот. Ал эми кимде бул жоруктардын бири болсо, андан арылмайынча экүү жүздүүлүктүн бир белгиси бар болот. Алар: аманат берилсе, ага кыянаттык кылат; сүйлөсө жалган сүйлөйт; убада берсе, сөзүндө турбайт жана талашып-тартышса, аша чаап кетет”.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Чындыкты айткан жана айтканы тастыкталган Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге мындайча баяндап берди: «Чындыгында, силердин ар бириңер энесинин ичинде кырк күн тамчы түрүндө топтолот. Андан кийин ошончо убакытта уюган кан түрүндө болот. Андан кийин ошончо убакытта бир үзүм эт түрүндө болот. Андан кийин ага периште жөнөтүлүп, төрт нерсени жазууга буйрулат: анын ырыскысын, ажалын, кыла турган иш-аракеттерин, бактылуу же бактысыз болушун. Андан кийин ага жан салынат. Чындыгында, силерден бирөө бейиш менен анын ортосунда бир чыканактай аралык калгыча бейиш ээлеринин амалдарын кылат. Бирок анын жазылган китеби озуп кетет да тозок ээлеренинин амалдарын кыла баштайт. Ошентип ал тозокко кирет. Ошондой эле силерден бирөө тозок менен анын ортосунда бир чыканактай аралык калгыча тозок ээлеринин амалдарын кылат. Бирок анын жазылган китеби озуп кетет да бейиш ээлеренинин амалдарын кыла баштайт. Ошентип ал бейишке кирет».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
“Нажд журтунан чачтары үрпөйгөн жүдөгөн бир киши пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келди. Анын бийик үнүн тээ алыстан эле уктук, бирок эмне деп жатканына түшүнбөдүк. Жаныбызга келгенде гана пайгамбардан Ислам негиздерин сурап жатканын түшүндүк. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын суроосуна: “Күнү-түнү биригип беш убак намаз окуу” – деп жооп берди. Тиги: “Мындан ашыкча дагы намаз окуу мага шартпы?” – деп сурады. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Жок, бирок өз ыктыярың менен кошуп окуйм десең, нафил намаздарды оку. Анан Рамазан айында орозо кармоо” – деди. Тиги дагы сурады: “Мындан башка дагы орозо кармоо шартпы?” “Жок, бирок өз ыктыярың менен кармайм десең, нафил орозолорду карма” – деди. Анан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) зекет тууралуу айтты. Тиги: “Мындан сырткары да зекет берүү шартпы?” – деп сурады. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Жок, бирок өз ыктыярың менен берем десең, нафил садака бер” – деди. Тиги киши жоопту угуп артына бурулуп баратып: “Аллахка ант, мен мына ушул сиз айткандардан ашыкча да кылбайм, кем да кылбайм” – деди. Ал ары кеткенден кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Эгер, бул сөзүнө турса, азаптан кутулат”. – деди”.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Бир киши: Оо, Аллахтын Элчиси, жахилият кезинде кылган иштерибиз үчүн жазаланабызбы? - деп сурады. Анда Пайгамбарыбыз айтты: «Ким Исламда жакшылык кылса, жахилиятта кылган иши үчүн жазаланбайт, ал эми ким Исламда жүрүп жаман иштерди кылса, биринчи жана акыркысы үчүн жазаланат»