Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 7

Чыпкаларды алып салуу
«Оо, Аллах, менин кабырымды адамдар сыйына турган эстеликке (идол) айлантпа. Аллах пайгамбарларынын кабырын мечитке айланткан коомду каргыштады».
Сахих (ишенимдүү) Ахмад жазып калтырган.
"Чындыгында, биз менен алардын ортосундагы келишим намаз, ким аны таштаса, каапыр болот".
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
"Жамандыкка жоруу - ширк, жамандыкка жоруу - ширк, жамандыкка жоруу - ширк" деп үч жолу (айткан). Бизде бул (жоруму жаман ырымдар) бар, бирок тобокел кылуу менен Аллах аны кетирет.
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
«Ким Аллахтан башкага ант ичсе, анда ал каапырлык кылган болот же ширк кылган болот».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
"Ким жылдыз илиминен үйрөнсө ал сыйкырдын бир бутагын (бир азын) үйрөнгөн болот, көбөйткөн сайын көбөйө берет".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
"Менин силер үчүн корккон нерселеримдин эң коркунучтуусу - кичине ширк". "Кичине ширк деген эмне?" - дешти. Аллахтын элчиси мындай деди: "Рия. Кыямат күнү адамдар иш-амалдарынын жаза, сыйын алганда, Улук Алла Таала аларга: "Дүйнө жашоосунда иш-амалдарыңарды рия кылып көрсөткөн адамдарга барып карагылачы, аларда силерге бере турган сыйды таба алар бекенсиңер!?" дейт.
Хасан (жакшы) Ахмад жазып калтырган.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен сапарда бирге болдум. Бир күнү жол жүрүп бара жатканда аны жандай бастырып калдым. Анан андан: Оо, Аллахтын элчиси, мени тозоктон алыстатып, бейишке киргизе турган кандай иш бар? – деп сурадым. Ал: “Сен өтө оор ишти сурадың. Бирок Аллах жеңил кылгандар үчүн өтө оңой болот . Аллахка шерик кошпой ибадат кыл, беш убак намазды толук оку, зекетти бер, Рамазан айынын орозосун карма. Аллахтын үйү (Каъбага барып), ажылык милдетиңди аткар” – деп, анан сөзүн кайра улады: “Сага жакшылыктын эшиктери тууралуу айтайынбы? Орозо (тозоктон) калкан; Садага – суу отту өчүргөндөй күнөөлөрдү өчүрөт. Адамдын түн ортосунда окуган намазы” – деп, бул аятты окуду: “Алардын жамбашы жатчу жайынан алыс болуп, коркуу жана үмүт менен Раббисине дуба кылышат. Биз берген ырыскыдан каржылашат. Эч ким кылган иш-амалдары үчүн аларга жашыруун даярдалып коюлган көз кубанычын билбейт”. Анан кайра мага: “Сага диндин башы, тиреги жана туу чокусу тууралу айтайынбы?” – деди. Мен: О Аллахтын элчиси, айтыңыз – дедим. Ал: “Диндин башы – Ислам; Анын тиреги – намаз; Туу чокусу – Аллах жолунда күрөш” – деди. Анан: “Эми сага ушул айтылгандардын баарынын негизи эмне экенин айтайынбы?” – деди. Мен: О Аллахтын элчиси, айтыңыз – дедим. Ошондо ал тилин кармап көрсөтүп: “Ушуну сакта!” – деди. Мен: О Аллахтын элчиси, биз айткан сөздөрүбүз үчүн да жоопко тартылабызбы? – деп сурадым. Ал: “Энең сени жоготсун, оо Муаз, адамдарды тозокко бети же мурду менен кулаткан нерсе тилинен тапкан күнөөлөрү эмеспи” – деди.
Сахих бимажмуъи тарикихи (бардык тарабынан ишенимдүү хадис). Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.